Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Физикалык эмес психологиялык зомбулук көргөн аялдар көп

Физикалык эмес психологиялык зомбулук көргөн аялдар көп

14-январь, 16:01
1 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Психологиялык зомбулук бул – адамдын психикасына басым көрсөтүү болуп эсептелет. Залим жолдоштун ашкере көзөмөлдөөсү, сиздин ой жүгүртүүңүздү толугу менен тосуп, өзүнүкүн орноткону, ал сиздин кайсы китепти окуп, кандай кино көрөсүз жана башка ушул сыяктуу майда-барат нерселердин баардыгын көзөмөлгө алат.

Психологиялык зомбулуктун коркунучтуулугу – сырттан караганда эч нерсеси билинбей жана эч нерсе болбогондой болуп көрүнөт. Эгер кимдир бирөөгө даттансаңыз, ал “баардык эле түгөйлөр урушат, кайра жарашат” деп көңүл деле бурбайт. Себеби, психологиялык зомбулук көрсөткөн залим адам сыртынан башкалар үчүн өтө эле идеалдуу көрүнөт. Тескерисинче, жакындарыңызга сизди жаман көрсөтүп коюшу ыктымал. Мындан улам жабыр тарткан айымдар эки анжы болуп, катуу ойго батышат. Өзүнө башка, жакындарына башка мамиле жасаган залим адамды толук түшүнө албай, психикалык жабыркоого учурайт. Өзүнө болгон ишеним жоголот. Жыйынтыгында толугу менен залим жолдоштун көзөмөлүнө өтүп, анын психологиялык зордук-зомбулугун көрүп, руху талкаланат.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер