Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоо алда канча катаал, кунарсыз экенин эми түшүндүм

Жашоо алда канча катаал, кунарсыз экенин эми түшүндүм

04-июнь, 21:32
820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аягы жок, башы жок сары талаа түнкү шамалга ыргалып турат. Эмнегедир бу дүйнөнүн да, о дүйнөнүн да ырына окшобогон кайгылуу, муңканган бир обонду ыргалган талаа ырдап жатты. Талаа дагы менин жандүйнөмдөй болуп сыздап турду. 

Ушул ыргалган сары талаага канча ирет кылтыйып көк чөп чыгып, кайрадан саргайып, кайрадан куурады дейсиз... Кудум адамдар сыяктуу. Жаралып, карып, жок болгон адамдар сыяктуу. 

Автобуста чексиз, баш-аяксыз сары талааны аралап баратып, ушул жашоо мыйзамын ойлодум. Бала кезим, ал кездеги кыялдарым эске түштү. Бала кезиңде жүрөгүң таза, сезимдериң аруу болот тура. Негедир эртеңки күн жомоктогудай сезилчү. 

Биздин айылда сары талаа бар болчу. Ал жерге барып, үйүлгөн самандарга көмүлүп ойногонду жакшы көрчүбүз. Айрыкча айлана күүгүмдөнүп, кыйкуулаган каркыралар асманга толуп, кызарып күн батып бара жатканы сөз жеткис кооз эле. Кийинчерээк бой жете баштаганда күүгүмдө чексиз сары талааны аралап басканды кыялданчумун.

Чоңоюп, бойго жеттим. Андан бери канча жылдар артта калды. Автобуста баратып ошол аткарылбаган кыялым эске түштү. 

Жаңы турмуш босогосун аттап, тун кызым төрөлгөн жылы ушундай сары талаада жашоо кечирдик. Түнкүсүн сыртка чыксак, асманга жылдыздар толуп, кыйкуулап каркыралар кайтып, күн кызарып батып, ал күндөрү да табигаттын сулуулугун сездим. Бирок мен кыялданган сары талаага окшошподу.

Күндүр-түндүр кызым чыркырап ыйлаганы жаныма батты. Таң кылайып аткандан, каш карайганча ал чексиз сары талаада маңдай терибизди төгүп иштедик. Сары талаанын аягы көздөн учту. Кыялымдагы сөздөрдү уккан жокмун. Сезимди сезген жокмун. Жөн гана күндөр учту. Жылдар учту...

Күз келгенде жердин баары сары талаа. Кыйкуулап көп ирет асманга каркыралар толот, бирок менин эң жөнөкөй кыялыма окшошподу. Ал кыялым менин жашоомдогу тартылбай калган тасма сыяктанды. Балалык сезим таза тура. Жашоо андан алда канча катаал, кунарсыз экенин эми түшүнүп бараттым.

 Аягы жок, башы жок сары талаа түнкү шамалга ыргалып турат. Эмнегедир бу дүйнөнүн да, о дүйнөнүн да ырына окшобогон кайгылуу, муңканган бир обонду ырдап турат. Менин жандүйнөмдөй болуп сыздап, зыркыраган обон... 


Айзирек

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер