Сизге экинчи аял болбой калганыма өкүнөм...
(Бактыбек Бекболотовго!)
Жашоомдо бир ката кетирдим, аны унута албайм. Убагында мага аябай кызыгып, жабышканыңыз эсимде. Жаштык кылыптырмын. Анда катардагы кызматкер, көптүн бири элеңиз да, көңүл бурган эмесмин. Министр болоруңуз үч уктасам да түшүмө кирбептир. Сизден кыйындар көп болчу да. А жашоодо профессионалдык ишмердикке караганда, жол тапкычтык гана бааланат тура. Буйрук экен, бактылуусуз. Коргоо министрлигин жетектеп отурасыз, мындайды ким ойлоптур? Ошондо чоңоюп кетериңизди билгенде, экинчи аял болууга макулдугумду бермекмин. Эми өкүнүп жатам. Айла канча? Баса, Бекболот байке, аскер адамы катары ичип жүргөнүңүздү көп эле көрүп калбадымбы, ошон үчүн да иренжисем керек. Келечегиңиз бүдөмүктөй сезилген. А турмуш мен ойлогондой эмес тура. Маңдайга мансапты, байлыкты жазып койсо, баары бир жетет экенсиң. Ооба, баарын ойлоп отурам. “Министрдин аялы” деген кандай сыймык болмок! Ошол кыялыма жете албай калганыма өкүнөм...