Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуш учурундагы шуркуялык

Согуш учурундагы шуркуялык

17-август, 17:25
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлүм менен жашоо дайыма жанаша жүрөт. Согуш учурунда деле балдар туулат. Айталы, экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде СССРдин 80 млн., Франциянын 40 млн., Норвегиянын 4 млн. калкы немистердин оккупациясы астында жашаган. Америкалык тарыхчы К.Блаумайстердин эсептөөсү боюнча, немистик баскынчылар оккупациялап алган СССРдин аймактарында 50 миңден 100 миңге, Францияда 200 миңге, Норвегияда 12 миңге чейин бала төрөлгөн.  

Бирок, немистерден туулган балдардын баарын зордуктоонун натыйжасы катары айтууга болбойт. Алардын арасында зордукталгандары деле, ачкадан өлбөш үчүн өз ыктыяры менен мамиле кургандары деле, сүйүп-күйүп калгандары деле бар. “Германдык расанын тазалагына кооп туулгандыгына байланыштуу”  1942-жылы июнда вермахттын командачылыгы баардык рангадагы командирлерге жеке курамдын басып алынган аймактардагы төмөнкү расадагы аялдар менен жыныстык байланышуусуна тыюу салууну тапшырган. Бирок, боло жүргөндөй эле   мындай тыюу салуулар кагаз жүзүнүндө гана калган. Ошондон улам оккупациялык  администрациянын айрым жетекчилери (мисалы, Орел шаарынын коменданты) “эгер немис жоокери баланын атасы экенин мойнуна алчу болсо, орус аялдар алимент алууга укуктуу” деген токтом чыгарууга аргасыз болгон. 

Батыш Европанын калкынын басымдуу бөлүгү оккупанттар менен  кызматташып, марионеткалык режимдер коллаборационализмге уруксат бергенине карабастан, немистер кеткен соң алар менен мамилелешкен кыз-келиндер катуу жазага кириптер болушкан. Мисалы,1945-жылы Голланияда 500 аял атып, уруп-сабап өлтүрүлгөн. Норвегияда 5 миң аял оккупанттар менен чогуу жашаганы үчүн ар түрдүү мөөнөткө эркинен ажырытылып, алардан туулган балдардын көбү узак мезгилге коомдон бөлүнгөн, дагы бир бөлүгү жиндиканаларга камалган. 

Францияда 26 миң аялдар, кыздар эл тарабынан кордоого дуушар болуп, алардын көбү өз жандарын өздөрү кыйышкан. 18 миң аял ар түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратылган. 

Ал эми СССРде болсо немистер менен жаткан шуркуяларды дароо эле атып салган учурлар көп болгон. Власовчуларды, полицайларды кээде өлтүрбөй, фильтрациялык лагерге айдашчу, а бирок, “шуркуяларга” аёо болчу эмес. Партизандарга “душмандар менен кызматташкандардын баарын аткыла” деген көрсөтөмө берилген.

Өзүн, же үй-бүлөсүн аман алып калыш үчүн немистер менен жаткан аялдардын так санын аныктоо кыйын. Күбөлөрдүн айтымында, андай аялдардын көбү жазадан коркуп советтик аскерлер келгенге чейин эле немистерден туулган балдарын сууга чөктүрүшүп, же башына таш менен уруп өлтүрүп салышкан.  Канча наристе ушундай жол менен шейит кеткенин так айтыш кыйын. “Дагы бир тобу жер которуп, өздөрүнүн, балдарынын фамилияларын өзгөртүп, аман алып калышкан деген” да маалыматтар бар. 

   Ал эми ашкере болгон “немчиктерди” совет өкмөтү балдар үйүнө жайгаштырып, фамилияларын өзгөртүп, советтик жарандар катары тарбия беришкен. Бул тууралуу СССРдин Лондондогу элчиси И.М.Майскийдин Сталинге жазган катында айтылат. Кандай болгон күндө да “цивилизациялуу Батыш Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, СССРде немистерден туулган балдарга бир топ эле гумандуу мамиле кылышкан. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер