Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Ногойбаевдин ден соолугу жайында болбосо, пенсияга кете бербейби?

Азамат Ногойбаевдин ден соолугу жайында болбосо, пенсияга кете бербейби?

28-октябрь, 12:00
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бир күнү оору, бир күн соо Алымкан” демекчи, Азамат Ногойбаев ГУУРдун түштүк аймагы боюнча жетекчилигине дайындалганы кыйратып деле иштебей, ден соолугу менен алышып жүргөнүн коллегалары айтышууда. Сахары көтөрүлүп, жүрөгү ооруйт экен. Саламаттыгы солгундап, милициянын оор түйшүгүн көтөрө албаса, пенсияга чыгып, курсагын сылап жата бербейби? Эмнеге маанилүү орунду бошотпой, же иштеп жыргатпай, ИИМди артка тартып келет? Татыктуу деле кадрлар бар, бирок алардын фамилиясын жазсаң, тийешелүү жетекчиликтер жазалап киришет да. Андыктан, унчукпай эле туралы. Кылмыштуулук менен ким кандай күрөшкөнүн билебиз, учурда алдыңкы деңгээлде иштеп аткан полковниктер да бар. Мына ошондой сергек, тың кадрларды облустук алкактагы жетекчилик орундарга көтөрүп, профессионалдык ишмердигине жараша баа бериш керек да. Кыйындарды эмнеге басмырлай бересиңер?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер