Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азгырыктуу төшөк... Кайненем “топурагымды түйүп берем” дейт

Азгырыктуу төшөк... Кайненем “топурагымды түйүп берем” дейт

06-декабрь, 20:48
1 919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум эки жылдан бери Москвада. Мен үч балам менен айылда кайнене-кайнатамды жана төшөктөгү чоң кайненемди багам. Алты айдан бери “ана барам, мына барам” деп такыр эле жетпей койду. Жакында сүйлөшсөк аябай кызуу экен. “Экинчи аял алам, макулдугуңду бер, экөөң менен тең жашайм. Бул жакта аны менен жашап жүрөм, таштап кете албайм. Макул болсоң барам, болбосо талагыңды берип, муну менен жашайм” деп жатат. Ыйлай берип жашым калбай калды. Экөө түшкөн сүрөтүн жибериптир, аны мен скриншот кылып алгам. Уялбай 15 мүнөттөн кийин өчүрүп салды. Кайненем да угуп ыйлап атат. “Сен кетпе, келет. Сенден башкасынын кереги жок бизге. Эгер ошол катынды алса, топурагымды түйүп берем” дейт апам. Эмне кыларымды билбей күн санап соолуп баратам... Баары азгырыктуу төшөктүн айынанбы?


Нурзат  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер