Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аман Өзүбеков: “Эжемди дубал сүздүрүп, мыкаачылык менен эси ооп калганча сабачу экен”

Аман Өзүбеков: “Эжемди дубал сүздүрүп, мыкаачылык менен эси ооп калганча сабачу экен”

04-июнь, 22:51
1 047 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда пандемиядан улам киргизилген карантин учурунда аялдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнүн расмий булактар менен бир катар эл аралык уюмдар айтып чыкты. Милициянын маалыматына караганда, Бишкекте үч айдын ичинде эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зомбулук 62 пайызга өсүп кеткен. Кыргыз парламентинде үй-бүлө зомбулугуна каршы мыйзамды өзгөртүү демигеси көтөрүлүүдө.

Бүтүндөй өлкө карантинде отурган учурда жыйырма бир жаштагы Амандын үй-бүлө зомбулугуна каршы аракети интернетте эң көп талкуу жараткан окуя болду. Ал бир тууган эжеси күйөөсүнүн ур-токмогунан кыйналып жүргөнүн билип калып, коомчулукка ачык айтып чыкты.

"Телефондон эжемдин ыйлаганы байкалып турду. Аман, мага жардам берчи? Ал мени дайыма сабайт” деп айтып берди. Мен анын коркунучта экенин дароо түшүндүм дагы, алардын дарегине милиция чакырдым. Биз барганда милиция кайра кетүүгө камданып жаткан экен деди Аман Өзүбеков.

Коменданттык саатка карабай Аман эжеси жашаган районго жетип барып, бул иштин мыйзам чегинде каралышын талап кылган. Адатта Кыргызстанда мындай үй-бүлөлүк маселелерге укук коргоо органдары көп деле аралаша бербейт.

"Эжемди дубал сүздүрүп, мыкаачылык менен сабачу экен. Акыркы жолу дагы жерге жаткырып тепкилеп, ээси ооп калыптыр" дейт Аман. Бул окуя тууралуу Амандын Фейсбуктагы билдирүүсүнө миңдеген киши пикирин жазып, укук коргоочулар, адвокаттар жардам сунуштады. 

Кыргызстандагы үй-бүлө зомбулугуна каршы кабыл алынган мыйзам постсоветтик мейкиндиктеги прогрессивдүү мыйзамдардын бири. Бирок укук коргоочулар “мыйзам толук кандуу иштебей жатат” дейт. Мыйзамдын иштебегени – зомбулукка кабылган аялдардын өздөрү дагы, укук коргоо органдары дагы муну катардагы үй-бүлөлүк талаш-тартыш катары караганында.

"Улуттук статистика комитети жүргүзгөн иликтөөлөрдө аял менен эркек зордук-зомбулукту кылмыш катары эсептебей турганы айтылат. Алар муну үй-бүлөдө боло келген көрүнүш дешет. Бул – чоң көйгөй. Көптөгөн эркектер үйдүн кожоюну катары өзү билгендей эреже орнотуп, аял менен конфликттен чыгуунун жолдорун талкуулагысы келбейт. Кыргызстанда зордук-зомбулук менен күрөшүүдө эл аралык уюмдар натыйжалуу жардам берип жатат. Британ өкмөтү, БУУнун калкты жайгаштыруу фонду, Европа биримдиги кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштешип, каржылык жана программалык жактан көмөк берүүдө. Мисалы, мамлекеттик органдарды координациялоону жөнгө салган саясатты кабыл алууга жардам көрсөттү, зомбулук жасаган кишилер үчүн оңдоп-түзөө программасын киргизди" дейт кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тюлекова.

Эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө үй-бүлө зомбулугунун 95 пайызы эркектер тарабынан жасалганы көрсөтүлөт. Зомбулуктан өлгөндөр тууралуу ички иштер министрлигинин атайын статистикасы жок. Бирок "Аялдардын демократиялык түйүнү" фондунун эсебинде, 2018-жылы эле 62 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан ажал тапкан. Өткөн жыл соңунда Кыргызстанда ушундай мүнөздөгү үрөй учурган кылмыштар катарынан катталды. Бирок, өлкөдө, айрыкча эркектер арасында Аман сыяктуу үй-бүлө зомбулугуна катуу туруп, каршы чыккандар өтө эле аз.


(Би-Би-Си)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер