Апам экинчи аял болуп жашайт, күйөөсү экөөнөн тажадым


Мен азыр 17 жаштамын. Ата-энем ажырашканда болгону эки жашта элем. Ошондон бери тайкем менен тайнемдин колунда чоңойдум. Бул үйдө башымдан эмнелер гана өткөн жок! Өз апам болсо Россияда жүрдү. Кыйратып акча жибербеди. Колунан келгенбегендир, балким каалаган жоктур, аны билбейм.
Бир жыл мурун апам Россиядан кайтып келип, чогуу жашай баштадык. Бирок бул да мен күткөндөй болбоду. Ал турмушка чыккан, экинчи аял болуп жашайт. Күйөөсү бизге көңүл бурбайт. Апам болсо үйдө отурат да, мен эптеп-септеп чогулткан акчаларымды ошол кишиге берип коёт. Кээде өзүм үчүн эмес, башкалар үчүн жашап жаткандай сезем.
Тайнем да, тайкем да баары бир ата-эне эмес экен. Өз үйүмдө туруп, өзүмө батпай калдым. Бул дубалдарда демим кысылып, жаным ооруйт. Бир мүнөт да тура албайм.
Ошол кыйналган күндөрдүн биринде бир жигит менен таанышып калдым. Абдан жакшы адам. Үй-бүлөсү да тарбиялуу. Ага турмушка чыгайын десем, тайкемдер, эжелерим каршы. “18ге чыга элексиң, кайдагы күйөө? Камалып кетет аның, уят болот, маселе чыгат...” дешет.
А бирок, менин күн сайын жаным кантип кыйналып жатканын эч ким сурабайт. Бул үйдө жашоо мен үчүн жазага айланды. Ошондо балким качып кетсемби (?) деп ойлонуп калам. Балким өз тагдырымды өзүм тандашым керектир? Бирок корком камалып кетпейби, дагы чоң көйгөй жаралбайбы?
Мен болгону тынчтыкты, жылуулукту, өзүмдү адамдай сезген жашоону каалайм. Бул тынчтык өтө эле баалуубу? Сүйгөнүм жагат...
Айназик











