Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сизди бактылуу кылууга ынтызармын, ойлонуп жүрөм...

Сизди бактылуу кылууга ынтызармын, ойлонуп жүрөм...

17-апрель, 21:30
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Абдыбахаб Боронбаевге!)

Сиз абдан жакшы, кыйын адамсыз. Бажы кызматына эмгегиңиз өттү. Акыркы кезде Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиңиз. Эл үчүн иштей турган убактасыз, ишеним чоң. Максаттарыңызга жете билет экенсиз. Жандүйнөңүз бай. Өзгөчө аялзатын сыйлаганды жакшы көрөсүз. Сиз жөнүндө дагы тереңден билгим келет. Биздин аралыгыбыз жакын эле, байланышсак болот. Менин курбу кызым менен досуңуз сүйлөшүп жүрөт. Жакында үй-бүлө курушарын айтып калышат. Экөөнүн жаш курагында чоң айырмачылык бар, бирок убакыттын өтүшү менен көнүшүп кетерине көзүм жетти. Азыр алар эгиз козулардай ээрчишип алышат. Көргөндө көз тоёт... Айтмакчы, досуңуз сизди дайыма мактап калат, “башынан кыйынчылыктар өткөн, жолдошчулукка бекем, сатпайт” дейт. Тааныштырууну убада кылган. Сиз жакында мандатыңызды жууйт экенсиз. Көңүлдүү майрам куруңуз! Досуңуз баарын мага айтып турат, жакын аяш да. Жакында боло турган жолугушууну кыялданам. Сизди бактылуу кылууга ынтызармын, өзүмчө ойлонуп жүрөм...


Махабат 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер