Классташтар ырларымда, жүрөгүмдө...

“Аралдан чыккан жол учу,
Ааламды көздөй агылат” деген ыр сабындагыдай, 1985-жылы Талас районунун Арал орто мектебин аяктагандар кырк жылдык мааракеге чогулдук. Мен өзүм он жылдык, жыйырма жылдык, отуз жылдыкка да барган эмесмин.
“Ушу сапар кырк жылдык мааракеге чогуу барып келели. Балдар чоңойду, колу-жол бош. Убакытты өзүбүзгө да бөлөлү, канчалык өмүр калды, бир Кудайга маалым, жүрүңүз” дедим жолдошума, ал да туура көрдү. Тарс-тарс сүйлөгөн Таластын мыкты жигиттерин, суйкайган сулуу кыздарын, токой, тоо, дарыяларын көрүп, жубайынын окуган мектебин баамдап, толкунданып, толуп-ташып кайтты.
Ар бирибиз бактылуу болуп кайттык чындыгында. Үч ай күттүк эле, үч күндө өттү да кетти. Ооба. Деген менен, биздин жолугушуулар эми башталды. Кырк жылдык жолугушууда бала-чака ордуларын таап, көңүл толуп, көкүрөк көсөм адамдын, жашоо-өмүрдүн баркына жетип калган кезең тура, элеп-желеп болуп жолугуштук. Бир класста 23 кыз, 17 бала окуйт элек, беш кызыбыз келбей калды. “Ка-ап, келишсе не?” деп өкүттө калдык... Кайтыш болуп кеткен беш бала, үч кызга куран түшүрдүк. Эскердик. Бейиште байырлашсын!
Кыздарды Арал айылы деген аркадан балдар келинчектери менен бирге нан, туз, шаң-шарапат менен тосуп алышты. Жер-жерлерде эки-үч айылды бириктирип, бир айыл өкмөтү түзүлүп жатпайбы. Биздин Арал айылы да Каракол айылы менен биригип, Арал айылы деген аталыш алынып калган экен, балдар чуркап жүрүшүп, “Каракол айыл аймагы, Арал айылы” деп кайрадан айылдын атын коштуруп жаздырышыптыр. Бар болгула, азаматтар!
Ырдасак ырыбыз, сүйлөсөк сөзүбүз бүтпөй, күнү-түнү чогуу эле жүрдүк. Баарыбыз теңтуш, классташ болсок да, кыздын кырк чачы улуу дешип, балдардын келинчектери “апчелешип” сыйлап атышты. Маңдайыңда өз келиниң “алыңыз, ичиңиз, жеңиз” деп жаткандай ичиң бир жылыйт экен андайда. Нургүл, Света, Кыял, Диля, Чолпон, Венера, Мира, Медина – жалпы эле баардык келиндерге ыраазычылык, рахматыбызды билдиребиз! Ресторанын камдап, учасын тартып, Таластын сулуу жаратылышында козусун союп, дасторконун жайнаткан балдарыбызга өзгөчө рахмат! “Мааракеге акыркы үч күн калганда уктабай калдык” дешти биздин азаматтар.
Ырдаса булбул үнү жаңырган, колунан, тилинен да келген мыкты келинибиз Нургүл Жинкалиева “Б” класста окуган. Алар кырк жылдык мааракесин бизден бир аз күн мурдараак белгилешип, салтанаттуу өткөзүп алышты. Жалпы бүтүрүүчүлөрдү жана келинибиз Нургүлдү кырк жылдык маараке тойлору менен куттуктайбыз! Бар бололу! Катарыбыз кемибесин, курдаштар!
Ак кайың аралап, алты бакан тээп, Индия, чыгыш ыр-бийлерин “тытып”, ысыганыбыз дарыяга түшүп, агынан, кызылынан, кымызынан ууртап-татыдык. Андан ары тойлор тойго уланып кетти...
Кырк бир жылдыкты Болот менен Анаркүл алышты. Динар Турдугулова классташыбыз “бир күн жетпейт” деп кырк бир жылдыктын экинчи күнүн жолдошу Биримкул менен өз моюндарына алышты. 45 жылдыкты Ира классташыбыз жолдошу Асан экөө алышты. 50 жылдыкты кимиси алганы эсимде жок, бирок алтымыш жылдыкты Мурас классташыбыз келинчеги Нургүл экөө алышты. Жакшы тилек – жарым ырыс, Кудай ошол күндөргө жеткирсин!
Классташ, курбу достор жөнүндө сүйлөө – мен үчүн бакыт. Классташтар китептеримде бар. Классташтар ырларымда... Жүрөгүмдө...
Жолугушуулар эч качан, эч качан аяктабасын, бир боорлорум!
Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы
"Азия Ньюс" гезити