Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уул төрөп, сенин келишиңди күтүп жатам... Ачка калдык...

Уул төрөп, сенин келишиңди күтүп жатам... Ачка калдык...

10-февраль, 12:29
1 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түн жарымы. Көчөдө бороон, шамал удургуйт. Эми жамгыр төгө баштады. Эски жамгыр. Карыган күздүн жамгыры. Сен оюмдан кетпей, уйкум качат. Алыстасың. Узак жолдор экөөбүздү бөлүп турат. 

Сен үшүгөнүңдү, жалгызсыраганыңды, сагынганыңды айттың. Убактылуу ажырашууга дуушар болдук. Бири-бирибизден убактылуу ажыроо оорго турду. Биз баш кошкондон баштап, баягы таза, тунук сезимдерибиз көртирликке тебелене баштады. Жашоого, алдыга умтулбай, баягы эле эски досторуң менен ичип келе бергениң тажата баштады. Ай-күнүм жетип, аз күндөрдө көз жармакмын. Экөөбүз турмуш кура электеги Адилим кана? Үйдө жадагалса тамак-ашыбыз жок, карызыбыз көбөйүп, сууканыбыз качты. Акыры чыдамым түгөнүп, басып кеттим. Сен болсо алыска аттанууга бел байладың. Иштеп кеттиң. 

Көз жардым. Уулдуу болдуң. Ал тамтуң басып калды. Жакында келериңди айттың. Ымыркайыбыз эч нерседен бейкапар уктап жатат... 

Көчөдө шамал. Эски жамгыр. А менин жүрөгүмдө сага деген сагыныч. Күтүүдөн тажаган түн...


Асел Кадырова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер