Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Наристемдин өлүмүнө себепкер болгонума өтө өкүнөм…

Наристемдин өлүмүнө себепкер болгонума өтө өкүнөм…

17-май, 12:49
1 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жогорку окуу жайда билим ала албадым. Ошол кезде бир жигит менен таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Ал жигитти катуу берилип, бүт дүйнөм менен ушунчалык сүйдүм. Ал үчүн баардыгына даяр элем. Бир күнү кызуурак келип, жумуштан алып кетти. Экөөбүз адаттагыдай кафеге кирип тамактандык. Андан соң мейманканалардын бирине бардык. Ал үчүн баарын берүүгө даяр болуп, өзүмдү арнадым. Мындай күндөр ортобузда көп болду. Боюмда болуп калбаш үчүн экөөбүз тең жакшы эле коргондук. Бирок кийин билгенимде, боюма бүтүп калыптыр. Жигитиме айтсам, «мен сага үйлөнө албайм, бирок көңүлүңдү ача алам. Тезирээк боюңдан алдыр» деп акча таштап, кетип калды. Ыйлаган бойдон калдым. Аргасыз ооруканага барып, боюмдан алдырдым. Ал жактагы дарыгерлер да каршы болушуп, кеңештерин беришти. Бирок мен макул болбодум.

Жаңы жаралып келе жаткан кызыл эт наристени көрүп, көңүлүм чөгө түштү. Ошентип айлар өттү, жылдар жылды. А жигитимден кабар болбоду. Кийин дагы бир жигит менен төрт ай кыз-жигит болуп жүрүп, анан ага турмушка чыктым. Бирок, ага башыман өткөн окуяны айта албадым.

Кийин такыр боюма бүткөн жок. Кайненемдин алып барбаган жери калбады. А мен мунун жообун билсем да, айта албадым. Жолдошум экөөбүздүн мамилебиз сууп, көңүлүбүз келишпей баштады. Үч жыл жашап, акыры эки ажырым жолго түштүк. 

Учурда Москва шаарында иштеп жүрөм. Наристе жытына зармын. Ар бир күнү кызыл эт наристемдин үнү кулагыма жаңырат. Кыйналып кеттим, абдан кыйналып кеттим… Ымыркайымдын өлүмүнө себепкер болгонума өтө өкүнөм… Кыздар, эч качан боюңардан алдырбагыла!

Фарида, Москва шаары

Булак: AibekNur.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер