Касмамбетов Би-Би-Сини үй-бүлөлүк башкаруу кылып, эми аппаратка өттүбү?

Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектеп отурат. Бул оён сыртынан сыр билгизбегени менен ичтен былгытып, тууган-урук, куда, күйөө баласына кам көрүп атканы ачыкталууда. Билинбей отуруп бакиевдик системаны кайра кайтарууга ашыккан пенде беле?
Маселен, бир тууган күйөө баласы Арслан Койчиевди президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси кылып дайындатты. Арсландын аялы Акчолпон Койчиева эринин фамилиясына өтүп, Би-Би-Сиде иштеп жүргөн журналист. Ал эми Би-Би-Синин Лондондогу бюросунун жетекчиси Гүлнара Касмамбетова менен Акчолпон аппарат башчы Сүйүнбектин бир тууган карындаштары. Арслан Койчиев болсо, жыйырма жылдан бери ошол кайнежесинин арты менен “күч күйөө” сыңарындай ал жакта иштеп жүргөн. Би-Би-Сини үй-бүлөлүк башкарууга алып келишкени аз келгенсип, эми президенттик аппаратты өз менчиктерине энчилешкени, тымызын тууганчыл кланга айлантып атышканы кайсы логикага сыят?
Атаңгөрү, Садырдан үмүт эбегейсиз эле, еврей сымал булардын курмандыгы катары каалаган кадрларды коё берсе, элибиз эртең түкүрбөйбү?
Президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов көз будамайлоо менен көптөгөн былык иштерди, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, аягы арсыз иштери менен ачыкталууда. Мындай көрүнүштөргө учурунда баа бербесек, эртең ашынып кетишсе кантип тыябыз?..
"Азия Ньюс" гезити