Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Азыр инвестиция тартуу кыйын болуп калды”

Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Азыр инвестиция тартуу кыйын болуп калды”

12-сентябрь, 20:13
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элдар мырза, сиз 1991-2024-жылдарда жеке менчикке өткөн бир катар оъбьектилерге мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатасыз. Мындай мыйзамга кандай зарылчылык бар эле?

-- Акыркы эки-үч жылда коррупцияга каршы чоң иштер жүрүүдө. Бирок, коррупцияга тийешеси жок, өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчага мүлк сатып алган адамдар деле балким отуз жыл мурда бирөө бир кагазга туура эмес кол коюп койгону үчүн өзүнүн бизнесин кылгандан, өндүрүш ачып, имарат кургандан коркуп калышты. Бул ошол маселени чече турган мыйзам. Баса белгилеп айткым келет, бул мыйзамдын алгачкы менчиктештирүүгө катышкан адамдарга тийешеси жок. Алар мыйзамда камтылган эмес. Аларга мунапыс жок. Бул базардан таза акчага сатып алгандарга гана мунапыс бере турган мыйзам. Ошолорго тийишпеш керек. Болгону ошол эле. Коррупционерлерге эч кандай жеңилдик бербейт, аларга каршы күрөш жүрө берет. Мындай да, азыр 30-40 жаштагы балдар бизнес кылып жатышат. Алар балким, он-он беш жыл мигрант болуп иштешип, акча табышып, цех, завод куруп атышат. Анан аларга бирөөлөр келип, “кечирип кой, бул 95-жылы туура эмес приватташтырылган” деп цехин мамлекетке алып койгон учурлар болууда. Биз ошону токтотолу деп атабыз. Ал балада күнөө жок. Күнөө балким, ошол кезде кол койгон чиновникте. Ошолорду соттосун, “кустурсун”. Биз муну кылбасак, азыр инвестиция тартуу кыйын болуп калды.

-- Анда айрым кесиптештериңиздин “бул саботаж, мамлекеттик саясатка каршы келет” деген пикирине кошулбайт турбайсызбы?

-Эч кандай саботаж жок бул жерде. Коррупция жасагандарга каршы күрөш жүрө берет, бул мыйзамдын аларга тийешеси жок. Ал кесиптешерим мыйзамды толук окубай, окуса да бир-эки абазацын окуп эле сүйлөп коюшту окшойт. Мен ойлойм, жакшылап карашса, экинчи окууга карата түшүнөт болуш керек. Азыр долбоор бюджет комитетинен биринчи окуудан өттү. Буюрса эми пленардык кеңешмеге чыгарабыз.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер