Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сиздей жакшы жан канча жыл өтсө да унутулбас...

Сиздей жакшы жан канча жыл өтсө да унутулбас...

29-апрель, 23:02
1 903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Айнагүл Сапарбек кызына!)

Сизди көп жыл мурда “Агым” гезитинен окуп, талантыңызга баа берчү элем. Кесипкөй журналист, чыныгы чыгармачыл кыз элеңиз. Ар кыл темада жазганыңыз “тамшандырчу”. Агезде сизди көрүү да майрам эле... Тилекке каршы, кийин “Агымдын” саясаты өзгөрүп, ал жакта иштебей калдыңыз. Ошол бойдон дайыныңыз угулбай, каараныңыз көрүнбөй кеткен эле. Өзүмчө капаланып, издегеним менен эч майнап чыккан эмес. Балким, чындап артыңыздан түшкөн жокмунбу? Айтор, чытырман токойдо адашууда калгандай эле образ түзүлгөн. Ошентип, жылдар өтө берди. Убакыт учат экен да. Бирок, сизди унутпай жүрөгүмө сактап жүргөнүм ырас. Жакында эле соцтармактан бир ырчыдан алган маегиңиздин үзүндүсүн көрүп калып, абдан кубандым. Бар экенсиз. Ички дүйнөм уйгу-туйгу түштү. Эмне жөнүндө маек алып атканыңызды деле эстеп калган жокмун, болгону өзүңүздү көргөнүмө сүйүндүм. Албетте, чын жүрөктөн! Көп деле өзгөрбөпсүз. Мурдагыдай эле жапшаж, жагымдуу бойдон сакталганыңыз таңгалдырды. Толкундандым. Жаныңызга жетип барчудай сезимдер оргуп-ташып, кызык абалга тушукканымды карачы! Жылдар барактай шуулдап бүктөмдө кала берсе, мезгил бизге баш ийбесе да, адамдын тээ баягы түпкүрдөгү кулк-мүнөзү сакталып калат тура. Өзүм деле ошондоймун, андыктан, сиздин жыйырма жыл мурдагы сонун мүнөзүңүздү, сейрек сапатарыңызды эстедим. Далайынан мыкты элеңиз. Туруктуу, чынчыл, жароокер, ишенимдүү жактарыңыз жадымда жадыбалдай сакталып калыптыр. Көрсө, жакшы жан канча жыл өтсө да унутулбас, эх, ооба, бул Айнагүл...


Калемгер 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер