Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен абысынымдын мамилеси тереңдеп, “малынып” баратышат

Күйөөм менен абысынымдын мамилеси тереңдеп, “малынып” баратышат

31-октябрь, 17:57
14 551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абысыным (кайнагамдын аялы) күйөөмдөн үч жаш кичүү. Экөө күндө вотсаптан жазышчу. Жазышкандарын күйөөм тазалап турчу, кээде калтырып койчу. Көрсө, экөө жаман жазышкандарын өчүрүп, калгандарын калтырып койчу экен. Мен болсо “ии, жеңеси да” деп маани деле берчү эмесмин. Күйөөм бүгүн мас болуп келди. Телефонун тазалаганды унуткан окшойт. Күйөөм: “Сиз көнбөй жатасыз го... Андай нерселер башкаларда көп эле, просто билгизбей эле жүрүшөт го” дептир. Жеңем болсо: “Бойдок болсом сендей жигиттен аямак эмесмин” дептир. Элестеткиле... Анан күйөөм: “Эч ким билбей калат” дептир. “Убакыт көрсөтөт” деп абысыным күлгөн смайлик жибергени кандай? Таңгалдырды. Анда ары күйөөм: “Убакыт көрсөтпөй койду го, ушуга чейин жүрө беребизби?” дептир. 

Тобаа кылдым, жалдырап эле отурам. Скрин кылып өзүмө сактап алдым.   Кайнагам да бир жоош неме. Мурдуна бок сүйкөсө билбеген. Ызаланып, эмне кылар айламды таппай отурам. Булар “тереңдешип, малынып баратышат” го? Менин ордумда болсоңор эмне кылмак элеңиздер?  


Айдай  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер