Расул Тулеев: “Биз ЕАЭБдин болгону 10-15% мүмкүнчүлүгүн гана колдонуп жатабыз”

-- ЕАЭБдин бүгүнкү күндөгү аткарып жаткан ролу, биздин өлкөгө болгон таасири тууралуу кандай ойдосуң?
-- Бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБдеги болгон мүмкүнчүлүктөрдү, тилекке каршы, толугу менен колдоно элек. Болгону гана мигранттарга жеңилдиктер бар, аларды дагы Россия кээде саясый курал катары бизге өзүнүн саясатын таңуулап колдонушу мүмкүн. Бизнес, соода тармагында ЕАЭБдин таасиринин көбүнчөсү зыян алып келип жатат. Мисалы, “Дордой” базарынын ишмердүүлүгү кыйла азайды. Россиядан, Казакстандан, Беларустан келген товарлар биздин базарыбызды каптап, ички продукциябыз атаандаштыкка туруштук бере албаганын байкасак болот. Каражат жетишпегендиктен ички бизнес өнүгүүгө мүмкүн эмес болуп жатат. Мына ушунун баарын эске алып, бирдиктүү өндүрүш боюнча саясат жүргүзүлүшү керек болууда. Мисалы, биз ЕАЭБде кандай ролду аткарарыбыз жана өлөбүздүн бренддери кайсы болушу мүмкүн экенин аныктап, ошол тармактарга басым жасап, аларды өнүктүрүш керек болуп турат. Быйыл Кыргызстанга көптөгөн туристтер келди. Алардын көпчүлүгү ЕАЭБ мамлекеттеринен экени бир жагынан жакшы көрүнүш, бирок туризмди өнүктүрүш үчүн бизде инфраструктура менен тейлөө деңгээлибиз (өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар) жогору болушу абзел. Ошону менен бирге бажы, милиция жана башка кызматкерлер ар бир туристти тосуп алгандан баштап, аны узатканга чейин жакшы мамиле кылуусу зарыл. Туристтик сезонду жарым жыл эрте пландоо керек (качан гана сезон башталганда жолдорду бузуп, кайра ремонттобой). Негизи, ЕАЭБдин биз болгону 10-15% мүмкүнчүлүгүн гана колдонуп жатабыз. Эгерде 5-10 жылдык стратегия түзүп, туруктуу бийлик менен туруктуу иш алып барсак, Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин таасири абдан жакшы болмок. Бул маселени терең изилдеп, анализ жүргүзүп, чоң мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок болчудай...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити