Канат Эшатов: “Күйүүчү майлар кымбаттаган боюнча калды”

КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти менен маек.
-- Канат мырза, Казакстанда, Россияда күйүүчү май дээрлик арзан, а эмнеге бизде баасы түшпөй атат?
-- Казакстанда жана Россияда күйүүчү майларга болгон саясат башкача. Казакстанда өкмөт тарабынан күйүүчү май дотацияланат. Өзүлөрүнүн жарандарына бааларды арзан коюп берген. Башкаларга келгенде базар баасы менен сатышат. Анткени, алар жылына чоң көлөмдөгү күйүүчү майларды биржада сатат дагы, ошол каражаттын эсебинен чыгымдарын жаап коюшат. А бизде болсо мамлекет тарабынан күйүүчү майга дотация жок.
Сомдун долларга болгон куну күн сайын өзгөрүлгөнү менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишим доллар менен түзүлөт. Андыктан доллардын бир сомго көтөрүлүшү бензиндин литрин 60 тыйынга кымбаттатат. Февраль-мартка караганда азыр баалар турукташты. Бирок, баары бир кымбаттаган боюнча калды, кайра артка түшүрө албайбыз. Себеби биз алардан кымбаттатылган боюнча алып жатабыз. Россия, Казакстан өздөрүнүн ичинде 12-20 пайызга түшүрүштү, а сыртка арзандатышкан жок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити