Карганбек Самаков, экс-депутат: “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, өнүгүүгө багыт алабыз”


-- Карганбек агай, Кытай дүйнө лидерлигине чыгып, ар тарабынан өнүгүү жолунда баратат. Биздей өлкөгө канткенде жарыгы тийет? Улуу держава менен кандай мамиледе болгонубуз оң?
-- Кытай аргымактын ооздугун коё берип, дүйнөлүк лидерликтин тизгинин кармаганы калды. Кытайдын ички дүң продуктысынын көлөмү 4,5 триллион долларды чапчыды. Кыргызстандын ички дүң продуктысы 6,5 миллиард доллар болуп, Кытайдын ВВПсынын 0,15%ын араң түзөт. Биз коңшу мамлекетибиз менен достук келишимдин негизинде иш алып барып, өз деңгээлибизде экономикалык жашоо формулабызды чечип турушубуз керек.
Өлкөбүздө ири долбоорлор коңшу Кытай мамлекети менен бирдикте ишке ашырылууда. Бизге жарыгы тийип атат. “Жыртыгы жок ак тондуу агасынын жанында, кемтиги жок боз тондуу инисиндей” сыпатталып, ынтымакта, достук мамиледе болгонубуз дурус.
-- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу өлкөбүздүн экономикасынын жогорулашына шарт түзөбү?
-- Мени Европага чейинки соода жүгүртүүнүн бир бурчу Кыргызстан аркылуу болору кубандырууда. Экинчиси, кесипкөйлөрдүн анализине таянсак, өлкөбүзгө 200 миллион доллардан ашык каражат түшүп турат.
-- Демек, биз үч өлкөнү байланыштырган темир жол аркылуу өнүгүүгө багыт алдыкпы?
-- Бул темир жол мурунку транспорттук коридорлорго караганда 1000 километрге жакын кыскарат. Демек, Кытай тарапка да жакшы шарт алып келет. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу аркылуу Түркмөнстан, Иран, Түркия, андан ары Европанын темир жол түйүндөрүнө туташып, өзүнчө эле жаңы Жибек Жолу пайда болуп жатпайбы! Буюрса Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, өнүгүүнү көздөгөн багыт деп ишенсек жарашчудай...
"Азия Ньюс" гезити











