Акыркы кабарлар
» Саясат » Курманкул Зулушевдин ордуна Бекбосун Апсатаров келеби?
Курманкул Зулушевдин ордуна Бекбосун Апсатаров келеби?
31-март, 09:00

Азырынча сүйлөшүү аракеттеринен кабар алдык. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ордуна УКМКнын мурдагы орун басары Бекбосун Апсатаровду дайындоо машакаты каңкууланды. Жакын арада бул чечим жүзөгө ашышы ыктымал. Курманкул Зулушев курулуш иштери боюнча кетери болжонууда. Эгерде башкы прокурор катары Бекбосун Абсатаров келсе, кандай өзгөрүүлөр болот? Акүйдөгү билермандардын баамында, бул кадр кылчактабай өз миссиясын так аткарары, күрөшчүлдүгү, президент үчүн каршылаш дос-душмандарына туруштук берери бааланууда. Коомчулукка анча белгилүү эмес фигуранын жылдызы жанса, бийлик ичиндеги “кылчайнашкан” күчтөргө карата согуш күчөйбү? Болду. Калганын убакытка жараша көрөлү. "Азия Ньюс" гезити











