Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Атазов: «Кытай карызды төлөө мөөнөтүн жылдырганы үчүн Кыргызстан дагы 3 млн. доллар бересе болот»

Шайлообек Атазов: «Кытай карызды төлөө мөөнөтүн жылдырганы үчүн Кыргызстан дагы 3 млн. доллар бересе болот»

11-октябрь, 06:52
2 883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашууну жактырды. Эмнеге жылдыруу сунушталды жана кандай шартта?

-- Экономика жана каржы министрлиги Жогорку Кеңешке «Кытайга болгон карызды төлөй албай калдык, акчаны төлөө мөөнөтүн дагы алты жылга жылдырып бергиле» деп келди. Төлөй албай калгандын себебин пандемия, экономикалык каатчылыкка шылташты. Карыздын суммасы 51,1 млн. долларды түзөт экен. Албетте, Кытай мамлекети муну жөн эле жылдырып койбойт. Мөөнөтүн узартканыбыз үчүн 3 миллиондон ашык доллар кошумча каражат карыз болуп жатабыз. 3 миллион доллар болгону эки эле пайызды түзөт, «жеңилдетилген» деп айтышканы менен биздин өлкө үчүн негизги карыздын үстүнө дагы кошуп берүү деле кыйын болот. 

-- Документ боюнча каражат кайсы жакка жумшалыптыр жана аны төлөөдө кайсы булактар көрсөтүлгөн экен?

-- Мындай суроолорго эч ким так жооп бере алган жок. Жалпысынан сууга, электр энергиясына, жол курууга кеткени айтылды. Өкмөт ыгы жок карызданып оокат кылат эмеспи. Каражатты кайтаруу булактары катары сууга, электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү аркылуу төлөнөрүн белгилешти. Бул кайрадан эле элдин эсебинен алынарын айгинелейт. Бирок, алган каражаттардын басымдуусу дайыны жок кетет. Маселен, 2020-жылдагы пандемия маалында сырттан 300 миллион доллар келген. Анын эсеби жок. Азыркы иштеп жаткандардан сурасак оң жооп бере алышпайт. Себеби, учурунда иштеп тургандардын бири камалып жатса, экинчиси кайда экени белгисиз. Карыз акча максаттуу жумшалса, аны төлөгөндө ичиң ачышпайт. 

-- Келишим ишке ашса, Кыргызстан алты жыл бою Кытайга карыз төлөбөйбү?

-- Ооба, алты жыл төлөбөйбүз. Бирок, учуру келгенде айрым жетекчилердин айынан олчойгон сумманы берүүгө туура келет. Комитет биринчи окууда экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун колдодук, экинчи-үчүнчү окууда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кеңири талкууланат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер