Эрлан Камалов: “Салык кодексин өзгөртүү – банк системасына болгон ишеничти жоготот”
Кыргызстандын банктар союзу мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик баардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү сунуштап жатканын билдирди. Ага ылайык, салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн дээрлик операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды соттун чечими жок эле алууга болот. Бул өзгөртүүлөр боюнча экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эрлан КАМАЛОВдун оюн сурап көрдүк.
-- Мамлекеттик салык кызматы мыйзамга кардарлардын банктык маалыматы жашыруун болбой тургандай өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканы белгилүү болду, бул кооптуубу?
-- Кайсы гана мамлекет болбосун, анын банктык системасынын, банктык ишмердүүлүгүнүн, негизги принциптеринин бири – бул банктын сырын сактоо болуп эсептелет. Мамлекеттик салык кызматынын Салык кодексине сунуштап жаткан өзгөртүүлөрү банктык сырды сактоо, банк ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдарга шайкеш келбейт. Эгер сунуштар кабыл алына турган болсо, Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамдардын баардыгына өзгөртүү киргизилиши кажет. Мындай маанилүү өзгөртүүлөр салык кызматына окшогон физикалык орган тарабынан киргизилбеши керек. Бул биринчи кезекте коомчулукта ишкерлер, мамлекеттик органдар, Улуттук банк, коммерциялык банктардын ортосунда сөзсүз кеңири талкууланып, анан чечим кабыл алынышы зарыл. Сунуш киргизип, чечим кабыл алууда тараптардын кызыкчылыгын эске албай коюу – одоно ката болот.
-- Иштеп жаткан кодекске ылайык, мекеме соттун чечими менен гана банктык маалыматтарды көрө алат, эмнеге салык кызматы муну жокко чыгарып, ээн-эркин маалымат алгысы келет?
-- Мамлекеттик салык кызматынын негизги максаты – мамлекеттик бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Менин пикиримде, мекеме Кыргызстандагы банк системасында айлаганган акчанын агымын көзөмөлгө алуу же болбосо салыктык тескөөнү күчөтүү максатын көздөйт. Ошондой эле бакнтагы ар түрдүү эсептерде сакталган каражаттар, депозиттердеги акчалар жөнүндө маалыматтарды өз убагында алып туруу максатында ушул өзгөртүүлөрдү сунуштап жатса керек. Бирок, банктагы маалыматтарды соттун уруксаты жок берүү – банк тутумуна болгон ишенимди төмөдөтүп жиберет. Кыргызстандын азыркы банк системасы Борбор Азия мамлекеттердин ичинен эң туруктуу, өнүгүп келе жаткан тармактардын бири болуп эсептелет. Экономика жактан дагы мунун сөзсүз түрдө кооптуу жактары бар. Себеби, 2021-жылдын жарым жылдык статистикасын карай турган болсок, 300 миллион долларга жакын каражат сыртка которулганын көрүүгө болот. Эгерде банктык маалыматты ачыктаган өзгөртүүлөр кабыл алынса, капиталдын сыртка чыгуусу күчөйт жана тездейт.
-- Мындай өзгөртүүлөрдөн ким көбүрөөк жабыркайт: бизнес, ишкерлер же экономикабы?
-- Юридикалык тараптарга келе турган болсок, бул жеке же биргелешкен ишкана болбосун салык кызматы жеке компаниялардын банктагы эсептерине мамлекеттик мекемелердикиндей көзөмөлдөп калат экен. Мамлекеттик ишканалар мамлекеттик болгону үчүн салык кызматы толугу менен маалыматтарды ала алышы мүмкүн. Бирок, бизнесмендер, ишкерлер үчүн бул бир кыйла ыңгайсыздыктарды жаратат. Алардын дагы деле болсо кирешелерин ачык көрсөтпөй, акчаларын банкта сактабай, көмүскө экономиканын башка бир механизмдерин, элементтерин колдонууга түртүшү ыктымал. Ошондуктан биз Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурун мамлекеттик мекемелер менен бизнестин ортосундагы оптималдуу чечимге келишибиз абзел.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити