Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нургүл Акимова: “Ишкерликте көбүнчө ыраатсыздык, бийликтин субъективдүүлүгү байкалат”

Нургүл Акимова: “Ишкерликте көбүнчө ыраатсыздык, бийликтин субъективдүүлүгү байкалат”

24-апрель, 14:41
981 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нургүл айым, Кыргызстандагы жеке ишкерлердин маселелери боюнча жана алардагы көйгөйлөр тууралуу кеп-кеңешиңизди уксак?

-- Бүгүнкү күнгө чейин ишкердик маселелерди татаал катары эсептесек болот. Мамлекеттик башкаруунун жана ишкердик структураларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өз ара консенсусу талап кылынат. Көбүнчө ыраатсыздык, бийликтин баалоодогу субъективдүүлүгү байкалат, бул башкаруунун олуттуу каталарына алып келет.

Тышкы сооданын артыкчылыктарын кеңири бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү чаралар өндүрүмдүүлүктү максималдуу деңгээлде көтөрүү максатында тийешелүү саясаттын багытталуусу зарыл. Экономикалык тутумдун туруктуулугу өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдеринин болушу менен мүнөздөлөт. Алардын жардамы менен адаптация процесстери өнүгүп, суроо-талап менен сунуштун, чыгымдардын жана кирешелердин дал келишине алып келет жана туруктуу өнүгүү камсыздалат.

Азыркы учурда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бизнес лидерлери өздөрүнүн каржылык натыйжаларын жакшыртууга гана умтулбастан, ошондой эле турмуштун социалдык, экологиялык жана институционалдык жактарын, жалпы коомго тийгизген таасирин эске алышы керек.

-- Анда кандай стратегиялык булактар биздин шартка ыңгайлуу?

-- Фабрикалык процесстерине интеграцияланган 4.0 жаңы индустриалдык технологиялары – кибер физикалык тутумдары (CPS);

- платформалык компаниялар – коопсуздуктун берилген деңгээлинде ачык булактуу чечимдерди, машиналык окутууну, булуттуу технологияларды колдонуунун негизинде кардар үчүн баалуулук сунушун жүзөгө ашыруунун технологиялык мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жаңы экономиканын негизи;

- стандарттуу инфраструктуралык чечимдерге негизделген жаңы логистика (яндекс, унаа бөлүштүрүү, дрондор);

- блокчейн технологиялары – ири маалымат базаларын – кадастрларды, мүлк регистрлерин ж.б. санарипке өткөрүү үчүн жаңы ишеним мейкиндигин түзөт;

- акылдуу келишимдер – жөнөкөйлөтүү жана B2BB2G трансакцияларын ишке ашыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү;

- эки баскычтуу банк тутумунун калыптанышын камсыз кылган санариптик акча жана жаңы каржылык технологиялары;

- маалыматты санариптештирүү жана бири-бирине атаандашкан тутумдарга (графиктерге) байлануу – маалыматты издөөнүн жана ага жетүүнүн жаңы ыкмалары;

- нейрокомпьютер интерфейси;

- биотехнология, гендик инженерия.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер