Акыркы кабарлар
» Видео-Фото » (Видео) ИИМдин “артисттенген” опери талкуу жаратты. Жетекчилик эмне дейт?
(Видео) ИИМдин “артисттенген” опери талкуу жаратты. Жетекчилик эмне дейт?
11-январь, 23:05

Ушундай арзан пиар керек беле? Береги тасмада өзүн кыйын көрсөткүсү келген, бирок, бүтүндөй ИИМ системасын уят кылган ГУБОПтун опери Чыңгыз Төкөлдөшев экенин кабарлашты. Алтынбек Ибраимовго (Алтуха) суроо берүүсүн, диалог кандай форматта өткөнүн чечмелебей эле коелу. Акыл-эстүү адамга баары көрүнүп турат. Эң башкысы, бул “артисттенген” оперге жетекчилик кандай чара көрөт? ИИМдин итиркейди келтирген бир үзүмү эй! Профилактикалык иш-чара ушундай деңгээлде өтсө, чын эле “маданияттуу” болуп кеттикпи? Мындай көз айнекчендер театрга эле барып иштесе не?.. Кыскасы, Чыңгыз Төкөлдөшевге чыныгы МЕНТтер баш чайкап атышыптыр...
Aryba.kg