Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөдө чардап, чүйгүн тамак жеген кылмышкерлердин видеосу чыкты (видео)

Түрмөдө чардап, чүйгүн тамак жеген кылмышкерлердин видеосу чыкты (видео)

14-ноябрь, 20:09
2 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Астана" телеканалы түрмөдө жакшы шартта отуруп, кандай чүйгүн тамактарды жегенге боло тургандыгы боюнча сюжет көрсөткөн.

Казакстандын интернет тармагына Костанай аймагындагы түрмөдө отургандардын телевизорду коюп алып, бешбармак жеп, виски ичип жаткан учуру коомчулукка тарап кеткен. 

Видеодо 161/2 абагы – коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган жай экени айтылат. Кадрлардан бул жерде абдан ыңгайлуу, жылуу-жумшак шарт түзүлгөндүгүн көрүүгө болот. Бөлмөдөгү төрт киши бешбармак менен тамактанып, виски ичип жаткан деп жазды "Астана" телеканалы.

"Кандай "үлкөндөргө" мындай дасторкон жасалгандыгын айтыш кыйын. Роликтин автору колонияда адам оюна келбеген нерселер жасаларын айткан. Администрация кээ бир тартип бузууларга көз жумуп, жеңилдиктерге барарын баяндаган. Чын эле ошондой болгонун эми иликтөө көрсөтөт", — деп жазылган маалыматта.

Чындыгында Костанай облусундагы Жаза аткаруу департаментинин маалымат кызматы мындай факты абакта болгондугун билдирди.

Ал эми бул иш боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын да айрым “крим төбөлдөрү” жаткан түрмөлөрдө ушундай көрүнүш бар экени  өткөн жылы эле коомчулукка тараган эле. 

Aryba.kg




 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер