Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Генерал Курсан Асановдун абактан бошоп, акталуусуна үмүт бар

(Видео) Генерал Курсан Асановдун абактан бошоп, акталуусуна үмүт бар

25-октябрь, 01:45
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

4-октябрда парламенттик шайлоонун ыплас өткөндүгүнө, бийликтин өзүм билемдигине кайдыгер карабаган жарандар, партиялар эртеси күнү Ала-Тоо аянтына тынчтык митингине чыгышып, бийликке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшкан. Бул акцияда парламенттик шайлоодон утуп чыккан “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров менен генерал Курсан Асанов сөз сүйлөп, “эгерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, биз колдойбуз, шайлоо таза атаандаштык менен өткөн жок” деп өз позицияларын билдиришкен. Бирок бийлик эл менен эсептешпейкөгөрүп туруп алгандыктантирешүү орун алыпакыры Акүйдү басып алуу менен аяктаганОшол учурда бийлик төбөлдөрү башкүч түзүмдөрүнүн жетекчилери төш болушуп, кызмат орундарын таштап качып кетишкен.

Мамлекет бийликсиз калганда өлкөнү талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн бир топ партия лидерлеринен куралган координациялык кеңеш түзүлгөн. Ал эми ошол учурдагы жалгыз легитимдүү орган катары коопсуздук кеңешинин орун басары Өмүрбек Суваналиев күч түзүмдөрүн координациялап, ар-кандай провокациялардын алдын алып, туруктуулукту орнотууга батыл киришкен. Ошол учурда жетекчисиз калган ИИМге коопсуздук кеңеши тарабынан генерал Курсан Асановду ИИМдин координатору жана Бишкек шаарынын коменданты кылып дайындашкан. Курсан Асановго бул жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жаткан учурда ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиев катышып турган. Кийин Курсан Асанов ички тартипти орнотуу, талап-тоноочулуктун алдын алуу жана туруктуулукту камсыздоо үчүн ИИМге келген. Иш жүзүндө Алмаз Орозалиев коштоп жүрүп, бош калган министрдин кабинетин өзү ачып олтургузган. Бул факт. Курсан Асанов ИИМди өзүм билемдик менен басып алып, өзүн министр катары жарыялаган жок, ал болгону координатор болуп барып, үч күн тынчтык, туруктуулукту камсыздап, кийин эл менен экенин жар салып, ИИМдин имаратынан чыгып кеткен.

Ал эми анын кармалышы ошол учурдагы бийликтин жеке өч алуусу катары бааланышы кажет. Сөз Сооронбай Жээнбеков тууралуу болууда. Себеби, Садыр Жапаров кызматка кирише электе, Сооронбай Жээнбековго тикелей баш ийген УКМК Курсан Асановду кармап кетип жатпайбы? Жеке өч алуу, саясый куугунтукту уланткан Жээнбековдун тагдыры эмне менен аяктады? Айтайын дегенибиз, Асановго “массалалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти басып алуу” деген кине коюлууда. Бул абсурд. Себеби, Курсан Асанов митингге бир дагы киши алып барган эмес, ал болгону шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан 13 партия уюштурган көтөрүлүштө калыс кебин айтып, өз позициясын гана билдирген. Андай экен, тандалма саясат жүргүзбөй, “Ата Мекен”, “Республика”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Мекенчил”, “Замандаш”, “Бир Бол” ж.б партиялардын лидерлерин, мамлекеттик мекемелерди басып алган адамдары кошо камабайт беле? Же эмне Акүйдү жалгыз Курсан Асанов кулатып, мамлекеттик кызматтардын баарын жалгыз басып алдыбы? Акыйкаттык, калыстык орношу керек. Ошол учурда абактан бошонуп чыккандар, митингдин активдүү катышуучулары бүгүн мамлекеттик жогорку кызматтарга секирик жасап жатканын кайда катабыз? Демек, Курсан Асановго коюлган жогорудагы кине кыскартылып, акталышы керек. Ошондо гана өлкөдө адилеттүүлүк, чындык орноп жатканынан кабар берет. Мыйзам баарына бирдей иштеши абзел!

Учурдагы бийлик тазалыкты, ачыктыкты, адилеттүүлүктү орнотууга ниет кылып, жакшы багытка карай жол тартты. Эгер чындап ушул жолго аттанган болсо, анда генерал акталып, абактан бошонуп чыгат деген үмүттөбүз. Аз да болсо Курсан Асановдун бул бийликтин келишине салымы бар экени айныгыс чындык да, туурабы?

Ак ийилет, бирок сынбайт!



Чындык”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер