(Видео) «Күйөөм УКМКда иштейт». Оштогу блокпостто чыр салган аял аныкталды
1-апрелде социалдык тармактарга Ош шаарындагы Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде күч органдарынын кызматкерлерин сөгүп, жабылган жолдон өткөрүүнү талап кылган айдоочу аял тартылган видео тарады.
Видеодон жол тандабастан түшүп келген аял «менин күйөөм УКМКда иштейт» деп айтканын да угууга болот.
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунан айдоочу аялдын өздүгү аныкталганын билдиришти.
Айдоочу аял күйөөсүнүн кызмат орду менен милиция кызматкерин коркуткан. Учурда айдоочу аялдын өздүгү аныкталды. Ал 1979-жылы туулган Ош шаарынын жашоочусу Д.А. экени такталган. Ал билим берүү мекемелеринин биринде иштеген.
Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармармалыгында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 355-беренесинин (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө иштерин Ош ШИИБдин тергөө кызматы алып барууда.
Ошондой эле УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
«Окуя 31-мартта Ош шаарынын өткөрмө пункттарынын биринде саат 15:00 чамасында болгон. Аял киши УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери А.Г.нын аялы болуп чыкты. Бүгүн, 1-апрелден тарта дарыгер менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда Ош шаарында өзгөчө абал режиминин талаптарына ылайык күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шаарда 15 чакты санитардык-карантиндик жана курчоо посттору коюлган.