Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Кыянбек Сатыбалдиевдин кыңыр иши чыкты. Кызматтан кетеби?

(Видео) Кыянбек Сатыбалдиевдин кыңыр иши чыкты. Кызматтан кетеби?

12-январь, 14:28
4 552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мал болбой калды” дейт кыргызда. Бул сөздүн мааниси терең. Анын сыңарындай, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин соңку убактагы оркойгон катачылыктары, ишиндеги "иритмелери" чыга баштады. 

“Регион” ТВсынан Камчыбек Ташиев интервью берип, президент Сооронбай Жээнбековду сындаган эле. Бир жумадан кийин Кыянбек Сатыбалдиев ал жерге барып, кылып аткан жумуштары боюнча сүйлөптүр. Оозунда кыйраткан кеби жок, көпчүлүктү ирээнжитип, баягы “бытовой” деңгээлден көтөрүлө албаганы болду. А эң башкысы, ал Ташиевдин каналына айланганы барабы? Мунун өзү саясый ката! 

Дагы бир олуттуу маселе, “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчиси, жумушчулары облустук бийликке нааразы болуп чыгышты. Суроолор жаралууда: Мамлекетибизге киреше алып келип аткан мындай ишкананы губернатор колдогондун ордуна, тилекке каршы, тымызын көшөгө артынан оюн кылып, ал жердеги инвестор кытайларга элди тукуртуп атканы кайсы логикага сыят? Жергиликтүү ишканаларга, инвесторлорго шарт түзүп, облусту өнүктүрүүнү ойлобой, өз көмөчүнө күл тартканы эмнеси? “Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧКсына “Кыргызтефтегазды” каршы коюп, ортодон интрига чыгаруу менен бир жактуулукка алдырганы эмнеден кабар берет? Чөнтөк кампайтуубу?..

Иш жүзүндө Кыянбек Сатыбалдиев ээрге кыйшык минип, элдин сынына кабылууда. Мындай шартта атайын органдар баа берип, жоопкерчилигин карашы зарыл. Албетте, жогорку бийликтин астына чоң коңгуроо кагылды. Сокур ичегини кесип салбаса, адамдын бүтүндөй органдары ууланат эмеспи. Аныгында, Кыянбек да бүгүнкү күндө Жалал-Абадда кризистик жагдайды жаратты. Иралды кызматтан кетиши шарт!


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер