Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл өкүлдөрү спорттун кайсы түрү менен шугулданышат?

Эл өкүлдөрү спорттун кайсы түрү менен шугулданышат?

16-декабрь, 11:23
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин мурунку чакырылыштагы депутаттары спорттун кайсы түрү менен машыгып, кайсы эл аралык мелдештерге катышып, ийгилик жараткандары тууралуу маалымат жокко тете болчу. Бу жолку эл өкүлдөрү спортко болгон ынтызарлыгын билдирип, жадагалса эл аралык мелдештерде катышып жүргөнү тууралуу коомчулук четинен биле баштады, жакшы жышаан. Ушундан улам ЖК депуттарынын кимиси спорттун кайсы түрү менен шугулданарына жооп издеп көрдүк.


Аида Касмалиева

Күн алыс бассейнден чыкпайт, жакшы суучул. Фитнес-залын да унутпайт. Өзүнүн тулку боюна кам көрүп, кээ бир учурда жөө басканды жактырат. Мектепте окуп жүргөн кезинде жеңил атлетика менен машыккан өңдүү...


Аида Исмаилова

Мыкты көзгө атар мерген. Мектепте окуп жүргөн кезинде атайын мылтык атуу ийримине катышып, бир канча мелдештерди багындырган экен. Студент кезинде уланткан. Бош убактысында атайын спорт полигонго барууну самайт.


Исхак Пирматов

Бала чакта бир учурда самбо жана дзюдо спорту менен катуу машыккан. Азыр да бош боло калган учурда спорт залдан чыкпайт. Демалыш күндөрү тоо тарапка барып чуркайт, кышкысын лыжа тээп бугун чыгарып алат.


Мыктыбек Абдылдаев

Студенттик жылдарда футбол менен баскетболду катыра ойногон. Кай жерде футболдук мелдеш өтүп атса, сөзсүз убакыт таап көрөт, кыя өткөрбөйт. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына ар дайым жан тартат. Чоң теннисти ойногонду жактырат.


Үмбөталы Кыдыралиев

Бокс боюнча СССР спортунун чебери. Оң колунун ачуусуна тийгендер соо калбайт. Ээк талаштыра же боорго жиберген соккусунан убагында далай атаандаштар “уктап” калган. Бош убактысында футбол ойнойт, спорт залда машыгып турат.


Алтынбек Сулайманов

Мектепте окуп жүргөн жылдары бокс менен күрөш ийримдеринен чыкчу эмес. Эрежесиз эр уруштан азыр деле мыкты. “Жаш күч” спорттук клубга байма-бай каттап турат. Кандай адам эр жүрөк, көкжал болорун ушу кишиден сураса болот.


Максат Эгембердиев

Грек-рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери. Спорт   дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган ышкыбоздордун бири. Азыр балдары менен спорт залга барып кадимкидей насаат айтып, андан кийин өзү да көл-шал боло тердегиче машыгат. 


Камчыбек Жолдошбаев

Мектепте окуп жүргөн кезде футбол ойногон. Студент кезде волейболго кызыгып, айыл чарба институттун курама командасында топ чапкан. Эгемендик алган жылдары КР волейбол федерациясын жетектеген. Кол күрөштөн оңой жоо эмес. “Беш сары” спорттук клубун ачып, азыр миңге жакын балдар машыгат.


Тазабек Икрамов

Бала кезден эле күрөшкө ыктаган. Азыр да андан алыс эмес. Эки жыл катары ардагерлер арасында дүйнөлүк мелдеште грек-рим күрөшүнө катышып келет. Өзгөчө быйыл коло медалды татыктуу багындырды. Демалыш күндөрү торпок тартыштан калбайт. 


Азиз Турсунбаев

Бала кезде күрөш болгон жерде баарын утуп, бокс болгон жерде далай байгелерди жеңген. Бир учурда балбандык менен мушкердикти тең алып кеткен спортчу. Кийин эрежесиз эр урушка да катыша калган жайы бар. Азыр бош убактысында спорт залга барып машыгып турат


Таалайбек Масабиров

ЖКда эң бир титулдуу спортчу десем жаңылбайм. Дзюдо жана самбо боюнча СССР спортунун эмгек сиңирген чебери. Ардагерлер арасында дүйнө мелдештерине барган сайын байгелүү орундардан куру кол кайтпайт. Азыркы кыргыз спортуна күйүп-бышкан адам.


Таабалды Тиллаев

Эркин күрөштүн чебери. Кыргызча жамбашка салмай ыкмасын мыкты өздөштүрүп, азыр да унута элек. Футболду жакшы ойнойт. Бир аз мойну жар бербегендиктенби же убактысы тарбы, айтор, футболду акыркы учурда басаңдатып бараткансыйт.


Бактыбек Турусбеков

Мектепте окуп жүргөн кезинде футбол, баскетбол, гандбол оюндарынан калчу эмес. Баарына шыктуу, жөндөмдүү экени билинип эле турат. Азыр сууда сүзүү боюнча рекордсмен. Ысык-Көлдүн тигил жээгинен бул жээгине сүзүп келген жалгыз депутат. Босфор кысыгын да сүзүп өткөн суучул.


Максат Сабиров

Студенттик кезде институттун жалпы спорт ийримин башкарган. Мелдештин кайсы түрү болбосун мейли футбол, мейли волейбол, өзү кошо аралаша катышчу. Гандболду мектепте жакшы ойноптур. Азыр КР гандбол федерация президенти. 


Курманкул Зулушев

Университетте окуп жүргөн жылдары күрөш мелдештерине көп катышып, байгелүү орундарды алчу. Азыр волейболдон калбайт, ойной коёт. Бош учурунда ат спорту менен шугулданат. 


Алмазбек Батырбеков

Бокс менен өз кезегинде катуу машыккан. Мектепте шахмат жана шашки оюндарына мелдешке катышып, шашки боюнча облустун чемпиону наамын багынткан эле. Стол үстүндөгү теннисти катыра ойнойт.


Руслан Казакбаев

Оор атлетика боюнча спорттун чеберине талапкер. Рывок, толчокту ушу кишиден сурагыла. Бир учурда волейбол ойногонун билебиз. Азыр спорт залга көп барат. Андан сырткары, сууда сүзүү боюнча бассейнде “балык” болуп кете жаздайт.


Нурбек Тотонов

Бокс боюнча спорттун чеберине талапкер. Чоңдор арасында мелдештерде далай жолу байгелүү орундарды багынткан. Азыр минген атын жакшы карап, тынбай улак тартат. Спорттон алыс эмес адам.


Искендер Матраимов

Жел таман. Катуу чуркайт. Техникумда окуп жүргөн кезинде жеңил атлетика менен машыгып, Кыргызстан боюнча экинчи орунду камсыз кылуу менен бирге бүткүл союздук мелдешке жолдомо утуп алган. Спорт залга күн алыс барып турат. Дене бою келишкен адамдардын бири.            


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер