АИБАнын экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө мелдешин тейлейт
Бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 10-24-апрелде Польша мамлекетинин Кельце шаарында өтөрү белгиленди. Мындан сырткары, кыргыз жергесинен чыккан мыкты калысыбыз Токио олимпиадасына жолдомо берчү лицензиялык мелдешти тейлөөгө чакырылды. Ал Франциянын Париж шаарында 4-8-июнь күндөрү өтөт. Айта кетчү жагдай, Мукаш Ырсалиев кыргыз реферилери арасынан биринчи жолу мындай авторитеттүү мелдешти тейлөөгө чакырылып атканы жүрөк жылытат. Албетте, биздин сыймыгыбыз болгон кыргыз калысы буга чейин да бир топ эл аралык, азиялык, дүйнөлүк, олимпиадага жолдомо берчү мелдештерге калыстык кылган. Бир байкаганым, 20дан ашык кадыр-барктуу, беделдүү эл аралык мелдештерди керек болсо коңшу мамлекеттердин калыстары тейлебептир. Анан ар бир АИБА өткөргөн турнирден биздин экстра-класстагы реферинин дарегине жылуу сөздөр айтылып, баса белгилешип, “Кара кылды как жарган калыс” дешип диплом, грамота, белек-бечкек, сыйлыктарын татыктуу ыйгарышат, бу да бекеринен эмес чыгар...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити