Марлен Маматалиев саясый талаада машыгып, президенттик шайлоого даярданып атканы байкалууда
“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев чындыгында чыйрак чыкты. Жалал-Абаддан башка баардык аймактардан жергиликтүү жана шаардык кеңештерге партиясын катыштырып, кулачын кенен жаюуда. Камчыбек Ташиевден жалтактаганы үчүн гана анын кичи мекенине киришпептир. Амалына баракелде! Мындай дымактуу, жол тапкыч шуулдактар ар бир бийликтин учурунда чыга келген. Бирок көпчүлүгү саясаттын чамындысында калганын билебиз. Убакыттын удулуна жараша баары өзгөрөт тура. Аныгында, Марлен Маматалиев жергиликтүү кеңештерге “Ынтымак” партиясын катыштырып, байлардын балдарын алып чыгуу менен саясый талаада машыгып, команда түзүп, андан ары президенттик шайлоого аттанабы? Таасир жаратса, тамырын кенен жайса, эмнеге болбосун? Амбициясы аттын башындай го. Кызыгы, Марленди чындап эле күчтөндүрүп алышып, акырында төбөлдөр өкүнүп калышпайбы? Эл колдоп кетсе, токтотуу кыйын да. Саясат сымаптай кылкылдап турат эмеспи. Оомат оошсо, андан аркысына да абай сала бермекчибиз...
"Азия Ньюс" гезити