Айсулуу Тыныбекова элибизге ыраазычылык айтып, жеңиши менен бөлүштү
Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Кыргыз өлкөсүнүн сыймыктуу балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган “Мыкты спортчу айым” наамында жеңүүчү аталды.
Сурамжылоого жалпы дүйнөдөгү эң мыкты делинген 16 балбан катышып, финалга кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова "Рио-2016" Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогатменен ат салышып, атаандашын эбегейсиз артка калтырды.
Айсулуу Тыныбековага 170 миң 989 колдонуучу добуш берсе, анын индиялык атаандашына 121 миң 907 колдонуучу добуш берген.
Айсулуу Фейсбуктагы баракчасына: “Кыргызстан жеңди. Ар бирибиз жеңдик бүгүн. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам. Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам... Рахмат!” деп жазды.