Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүланда Исабеков: “Илдетимден арылганым силерге жомок, мага чын”

Гүланда Исабеков: “Илдетимден арылганым силерге жомок, мага чын”

30-март, 00:49
867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Редакциябызга Гүланда Исабекова аттуу пенсионер эжебиз кайрылды. Өзү ыр жаза коймою бар экен. Андан сырткары, көп жылдардан бери башы ооруп, доктурлардан жардам болгону менен ал илдеттен арылуунун жолдорун тынымы жок изденип келгенин айта отурду. Аз убакыт мурун ордо калаабыздагы Чыгыш-5 кичирайонунда жеке клиникасы бар Мирхалил Каримовго айласыздан кайрылып, көп жылдардан бери тынчын алып келген баш оорусунан айыкканын кошумчалады.

-- Гүланда эже, Мирхалил Каримовго кандайча барып калдыңыз?

-- Эң ириде, эмне үчүн сиздерге кайрылып атам? Анткени, кыргыз тилдүү гезиттерден “Азия Ньюс” басылмасы кадыр-барктуу, окумдуу экенин айта кетейин. Калтырбай окуйм. Сиздерде баары бар, саясат, экономика, социалдык темалар, ден соолук, тагдыр ж.б. Ишенимдүү жазганыңар жагат. Кээде гезит чыга турган күндү чыдамсыздык менен күтүп калам. 

Эми Мирхалил тууралуу айтып берейин. Доктур Каримов жөнүндө гезиттен окуп калдым. Башым ооруйт эле. Мээ чайкалган. Өз убагында барбаган доктурларым калган жок. Чыгынып, таап бардым. Восток-5 кичирайонунда экен. “Мадина” базарынын батыш жак бети. Бир топ бейтаптар кезек күтүп көрүнүп, кээ бирлери жылыш болгондуктан ар мезгилде келип турушат өңдүү. Башымдын ооруганын айтсам эле кармалап көрүп, диагнозду да туура койду. Алакандын оту менен дарылайт экен. “Биополе” деп түшүндүрдү. 

-- Дары-дармек бердиби?

-- Эч бир дары-дармексиз эле 10 күн катары алакандын оту менен шыпаасын кылды. Бир курс алгандан кийин баягы тынчымды алган илдет басаңдап, азыр мурунку калыбына келип калды. Бирөөлөргө айтсам жомок, а мага чын. Эми панкреатит оорум бар. Ошону да көргөзөйүн деп атам. 

-- Кайсы илдеттерди айыктырат экен?

-- Баш оору, зоб, астма, панкреатит, бөйрөк, боор, простатит, радикулит ж.б. Байкашыма караганда, бүт эле ооруларды көрүп, биоэнергетикасы менен дарылап атат. Келген бейтаптардан сурасам, баарына жакшы таасирин берип атыптыр. 

-- Эми анча болду, дарегин айтып бериңиз. Шыпаасын ала турган адамдар бардыр?

-- Восток-5, үй номуру 2. МЦ “Аймеза” (“Мадина” аялдамасы), тел.: 0552-03-77-91 Алдын ала чалып барса болот. Кеп-кеңеши бекер. Пенсионерлерге 400 сом бир сеансы, курсу 4000 сом. Калган бейтаптарга 500 сом бир сеансы, курсу 5000 сом экен. А баса, доктур Мирхалилге ыр арнагам:

Кийгениң болсун ак халат,

Пейлиңде жансың ак талант.

Кыйналганды сакайтсаң,

Үстүңөн түшпөйт ак халат.


Эмгегиң турса бааланып,

Кем болбой жашап кетесиң.

Алкышты элден ала бер,

Ак эмгек турсун бааланып.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер