Белгилүү спортчу Жайнабек Нарбеков жол кырсыгынан каза болду
25-октябрь күнү эмгек резерви республикалык дене тарбия жана спорт борборунун директорунун орун басары Жайнабек Нарбеков жол кырсыгынан каза болду. Жайнабек болгону 31 жашта болчу, адамга тийешелүү жакшы сапаттын баарына ээ болгон боорукер, кичипейил, чечкиндүү, эң негизгиси жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан эле. Жайнабек самбо, дзюдо, кыргыз күрөштөн спорт чебери, самбо жана казак күрөштөрүнөн эл аралык даражадагы спорт чебери. Улуттук жана Эл аралык даражадагы калыс. Дзюдо, самбо күрөшүнүн машыктыруучусу. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин активдүү мүчөсү. Өкмөттүн ыраазычылык катына ж.б. бир топ сыйлыктарга татыган.
Үч баланын атасы, адамга жамандыгы жок, дайыма күлүп-жайнап, колунан келген жардамын эч кимге аябаган жигит эле. Кесиптештеринин ишенген адамы элине кереги дагы көп тиймек.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Aryba.kg