Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улгайган адамды урган Конор Макгрегор айыппул төлөп, кечирим сурады

Улгайган адамды урган Конор Макгрегор айыппул төлөп, кечирим сурады

02-ноябрь, 13:13
1 140 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү ирландык мушкер Конор Макгрегор атак-даңкынан улам урунаарго тоо, урушаарга жоо таппай өзүнүн ээн ооз сөздөрү, чоң муштуму менен коомчулукка таанылып келет. 

Ал жазында улгайган адамды урганы үчүн сот жообуна тартылып, айыппул төлөдү.

Дублиндин аймактык соту ирландиялык мушкер, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегорду барда отурган кары адамга кол көтөргөнү үчүн миң еврого айыпка жыкты.

Ушул жылдын 6-апрелинде Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Бирок ал жактагы улгайган адам ичимдик ичүүдөн баш тарткан. Мындан улам мушкер аны бир муштаган.

Кечээ Дублинде сот отуруму болуп, Макгрегор күнөөсүн мойнуна алган.

"Туура эмес кылыптырмын, жабырлануучу менен соттон кечирим сурайм. Мындай окуялардын кайталанышына жол бербейм", — деди Конор күнөөсүн  мойнуна алып.

Соттон кийин Конордун жактоочусу спортчу жабыркаган кишиге компенсация төлөп берген.

Эскерте кетсек, Макгрегор 2018-жылы 6-октябрда АКШда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.


Aryba.kg

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер