Асаналы КУРМАНБЕКОВ: “КГБнын кишиси болом, эч кимге айтпа. Мага волейболду жакшы ойногон кыргыздын балдарын айт...”


Асаналы Курманбеков агабыз өткөн кылымдын 60-жылдары волейбол оюну боюнча Кыргызстан курама командасында ойноп, 14 жыл катары менен команданын капитаны болуп келген. Ал учурда кыргыз жигиттери ичинен эл оозуна алынып, кыргыз спортунун жазмыш тарыхында калганы кашкайган чындык. Волейбол оюнуна бүт дити менен берилип, жан аябастан дилгирленгенин айта отурду. Жакшы күндөр эсинде калыптыр.
-- Асаналы ага, волейбол оюнуна кандайча келип калгансыз, кимдер шыкак берген?
-- 1942-жылы Чоң-Таш, азыркы Сүймөнкул Чокморов атындагы айылында туулуп өскөм. Бала кезимде Сопубековдун үйүнүн жанында волейбол талаасы бар болчу. Улуу кишилер топ ойнойт. Кичинекей балдар, анын ичинде мен да талаа сыртына чыгып кеткен топторду алып келип, чоңдордун топ чапкандарына кызыгып карап турабыз. Кийин мектептин жанында ойноп калышты. Табигый стадион сымал жер. Ойдуңда волейбол ойношот, эки четине эл отура турган ыңгайлуу жер. Азыркыга чейин түшүмө кирет. Бир жолу бир киши гезитти көргөзүп “бийиктикке секирүү боюнча Тобокел Мамыров, бокс боюнча Токтогуловдун жараткан ийгиликтери” деп окуп атса, бизге жомоктой туюлду. “Мен да ушул адамдардай болом” деген бийик дымак пайда болду. Чоңдор топ ойноп бүткөндөн кийин бизге кезек тийет. Анан караңгы кирип топ көрүнбөй калганча ойнойбуз. Топко кызыгып калганым ушу болду.
-- А борборго кандайча келип калгансыз?
-- Бир жарым жашта экенимде атам каза болуп, апам жалгыз чоңойтту. Мектебибиз сегиз жылдык эле. Аны бүтүп борбордон окууну улантмак болуп №1 мектеп-интернатта окуп калдым. Ага аталаш бир тууганыбыз Муса Курманбеков себепкер болду. Азыркы КЭУ ушул адамдын ысымында. Сүйөркул Чокморов мени азыркы Акүйдүн ордунда ар багыттагы спорт жайда волейболдун машктыруучусу Дитрикске ээрчитип келди. Ал мени көрүп жаратпай койду, “1943-жылкы сенден бир жаш кичинекей балдар ойноп атат, кечигип калдың” деп. Гезиттен окуган Тобокел Мамыровго барсак, ары-бери чуркатып көрүп “жеңил атлетика менен машыккыла” деди. Биз андай шартка көнбөй койдук, топ эле деп атам. Ноябрь айы, күн суук, кар жаап салган. Ошондо Фрунзе боюнча эки-үч эле жерде жабык спорт зал бар экен. Анын бири биздин интернатта. Жанагы Дитрикс деген машыктыруучу бизге келиптир, балдарды машыктырганга. Ошондо мени көрүп калып, ойногонумду жактырып, өзүнүн балдарына кошту. Эки ай өтпөй Алматы шаарына мелдешке бардык. Орто Азия боюнча мектептер аралык спартакиадага. Кудай мындай бербеспи, 1-орунду алдык. Дитрикс 12 балага 50 граммдык плитка шоколадын сатып берди. Эзели мындайды көрбөгөм. Машыктыруучунун мээримин атамдай көрдүм. Ошондогу көз ирмемди сөз менен айтып жеткизе албайм. Жашоомдогу бирден-бир чечүүчү роль ойноду десем жаңылбайм. Анан тагдырым топко байланды да калды. Жарым жылга жетпей Сталинабад (Душанбе) шаарында мектеп окуучулар арасында Орто Азия жана Казакстан мелдешинде да 1-орунду жеңдик.
-- Кыргызстандын курама командасына кирген учурду айтып берсеңиз?
-- 16 жашымда кирдим. Агезде менден 8-10 жаш улуулар ойношчу. Кытайга барып ойноп, аларды утуп келдик. Жанагы Дитрикс деген неме менин дараметимди даана байкаган экен, жаңылбаптыр. Кытайдагы оюн менин духумду абдан көтөрдү. 1964-жылы волейбол оюну боюнча Кыргызстандын курама командасы жаңыланып, мени капитан кылып шайлашты. Жалаң орустардын арасында жалгыз кыргыз мен болуп калдым. Разводящий болуп, команданын “мотору” катары коргонуу, чабуул, комбинация, подача – бүт оюндарды уюштуруу мен аркылуу өтөт дейсиң!.. Өлөрүмө карабай ойнодум. Аз өтпөй Ивано-Франковский шаарында СССРдин “А” клаасында жакшы оюн көргөздүк. Кыргыздарды элге тааныттык.
-- Кыргызстандын курама командасында канча жыл ойнодуңуз, кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?
-- Баш-аягы 14 жыл ойноптурмун. Эки жолу Орто Азия, Казакстандын жана бир нече ирет өлкө чемпиону деген наамды багынтыптырмын. Ал учурда мындай ийгиликке чанда гана оюнчулар жетишчү.
-- Раматылык Асек Жумабаев агабыз спорт дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган адамдардын бири эле. Волейболго келчү беле?
-- Асек Жумабаевдей болобу, кыйын киши эле. Ар бир мелдешибизге келип, торго үстүнө көтөрүп берген топту 1-линияга жазыксыз чапкан учурумда “Азаматсың! Оп, бали! Менин Манасымсың, менин Манасым!” деп үнүнүн болушунча кыйкырып турганы азыр да кулагыма жаңырат. Бир жолу көчөдөн капыстан жолугуп калды. Колумду кыса кармап алып, “Ой Асаналы, боюң шыргыйдай турбайбы. Жанагы орустар сенден да бийикпи ээ?” деп таңгалганы эсимде.
-- Ошол кезде спортчуларга мамлекет кандай көңүл бурчу эле?
-- Абдан жакшы көңүл бурчу, аны айтып коюш керек. Ар бир Кыргызстандын курамына кирген спортчунун айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарышчу. Машина десең машина, үй десең үй беришчү. Сыйлап, урматтап турушчу. Бир жолу Ереван шаарында СССР элдеринин спартакиадасы өтүп, мен ошол жакка кетип калгам. Агезде политехте кечки окууда элем. Сопрамат, дагы бир сабактан зачет албай кетип калгам. Келгенде берем деп. Келсем окуудан чыгарып салыптыр. Дөлөн Өмүрзаков спорт комитетти жетектечү. Бардым. Депутат кези, политехтин ректору Сухомлинов, ал да депутат. Телефонду алып, “вот наш капитан Кыргызстан по волейболу. Примите” деп эле койду. Башка эч нерсе айткан жок. Болду, ошону менен кайра политехте окуп калдым.
-- Ал кезде башка республикага чакырып, “бизде ойно. Баардык шарты менен” дегендер болчу беле?
-- Андайлар болду. Ошондойдун айынан Эркин Акунов Казакстанга кетип калган. Дагы бир жолу Ташкентте Орто Азия жана Казакстан аймактык “А” клаасында чоң турнир өттү. Мелдеште финалдык оюнга казактар менен чыгып калдык. Кылчайнашкан тиреште казак боордоштордун “өпкөсүн” үздүк. Жакшы ойногон окшойм. Оюн бүткөндөн кийин Ташкенттин машыктыруучусу “бизге кел, машина, үй, чоң айлык беребиз” деп кызыктырды. А мен барбай койдум. Патриоттук сезим менен.
-- Камбоджага сиз да барган экенсиз, ошол кездеги оюнчулардын эскерүүлөрүндө...
-- 1968-жылы Камбоджага даярданып калдык. Машыгуудан чыгып автобустун аялдамасында отурсам, кара костюм-шым, галстукчан чыкыйган бир жигит келип жаныма отуруп калды. “КГБнын кишиси болом, силер менен Камбоджага чогуу барам, котормочу болуп. Эч кимге айтпа. Мага волейболду жакшы ойногон кыргыздын балдарын айт, тизмеге киргизейин” деди. Беш кыргыз баланын аттарын атадым. Бир орусту коштук. СССРдин саясаты да. Ошентип барып бир партиясын уттук, калганын уттуруп ийдик.
-- Алар күчтүү бекен?
-- Анча деле эмес. Биз Фрунзеден Москвага, андан Ташкентке, андан Карачиге, Карачиден Таиландга, анан Пномпенге, жүзү курусун, самолетто эле бир сутка жүрдүк. Жеткен эле күнү эс албай ойнодук, жолдон аябай чарчап келгенбиз. Башка күнгө жылдырбай коюшту. Билет сатылып кетиптир. А матч-реваншка макул болушпады.
-- Волейболго тийешелүү өкүттө калган “каап, мындай кылганда момундай болмок” деген нерсеңиз барбы?
-- Эми андайлар толтура. Чынында, спорт – бул жашоо, спорт – бул нервотрепка, спорт – бул өмүр. Сырттан карап турган киши “жыргап ойноп атат” деши ыктымал. А ичинен баардыгы андай эмес. Уйку канбайт, тамакты тоё жебейсиң. Ар мелдеш сайын денеңден жаракат аласың. Көкүрөгүң менен полго сүрүлөсүң, чыканагың ооруксунат, тизелерден тамтык калбайт. Үй-бүлө ар дайым экинчи-үчүнчү планда. Машыгуу, сбор, эл аралык мелдештердин айынан үйгө токтобойсуң. Сүйүктүү жарың менен маңдай-тескей отуруп чай ичпейсиң. Спорт – бул страдание!..
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ











