Эмил менен Оңолдун эл арасында кадыр-баркы көтөрүлдү
Аты жаман илдет адамзаттын айласын алты кетирип турган чак. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, өкмөтүбүзгө жараша саламаттык сактоо тармагы ушул илдеттен жапа чегип турган баардык жарандарыбызды толугу менен карай албай, караса да кесипкөй доктурлардын жана медициналык каражат, жабдыктардын жетишсиздиги кендирибизди кесип турган жагдайда, айла жоктон колкабышка жапатырмак эл чыкты. Эл арасынан кыргызды дүйнөгө таанытып жүргөн белгилүү спортчулар кадыресе ийне сайып, тамчылатма дары менен дарылап, билектерин түрө булар да киришти. Алсак, эл аралык спорт чебери, КР кулатуу федерациясынын президенти, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмил Токтогонов жана волейбол оюну боюнча КР курама командасынын оюнчусу Оңол Каныбек уулу кадимки кесипкөй доктурлук ишти аркалап атканынан кабардар болуп, өз ооздорунан жагдайды уктук.
Эмил Токтогонов, кулатуу федерациясынын президенти:
-- Мектепти бүткөндөн кийин ордо калаабыздагы медучилищени артыкчылык диплом менен аяктагам. Пандемиянын күчөп турган кезинде ооругандар көбөйүп, айласыздан ар кай жерде күндүзгү стационарлар ачылып, медперсоналдар жетишсиз болуп турган кыйчалыш абалга кайдыгер карабастан, мен да билек түрө жардамга чыктым. Кан тамырга тамчылатма ийне сайганды (көпчүлүк медайымдар андан коркушат) билем. Мына ошол учурда бир топ колкабыш кылып үлгүрдүм. Менин медициналык жардамымды алгандардын баары сакайып кетишти. Кудай сактап, бир да оор жоготуу болбоду. Азыркыга чейин дарыланып чыккандар телефон чалышып, ыраазычылыктарын айтып бүтүшө элек.
Оңол Каныбек уулу, волейбол курама командасынын капитаны:
-- Жакында эле медакадемияны аяктап, дарыгерлик кесипти Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунда улантып аткам. Топ чапмай бала кезден сүйүп ойногон оюнум. Волейбол оюну аркылуу кыргыз эли мени тааныды. Топ күйөрмандары колдогондугу үчүн өз учурунда Кыргызстанды чет өлкөлүктөргө таанытууда болгон күч аракетимди жумшап келем. Учурда Тоң районунда дарыгерлер жетишсиз болуп атканына байланыштуу Тоң райондук ооруканада иштеп атам. Өзүңүздөр билгендей, жеке эле борбор калаада эмес пандемия региондордо да күч алууда. Кайдыгерлик менин мүнөзүмө жат нерсе. Ошондон улам четте карап турбастан, коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө өз салымымды кошуп, ушул жаман илдеттен аман-эсен чыгып кетсек деген тилегим күч.
"Азия Ньюс" гезити