“Тиш доктурлар, чачтарач, сулуулук салондору текшерилбей, гепатит күч алууда”
Кыргызстанда гепатит дарты менен ооруган жарандардын абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат. Аларга мурун деле жакшы маани берилбей келген болсо, азыр таптакыр жардам берилбей, коронавирус пандемиясынан кийин унутулуп калган. Азыркы тапта дарт менен алышкан бейтаптардын ичкен дарылар дагы кымбат болууда. Бул тууралуу жарандык активист Нурказы Батырбеков билдирип, кейий турган айрым жагдайларга токтолду.
"Ушул оор күндөрү мен элдин үнүн бийликтегилерге жеткизе албай койдум. Эл ушул оорудан арыла албай келе жатат, саясатчылар келет-кетет, а биз кала берет экенбиз. Бир үй-бүлөдөн 3-4 киши ооруп, жардам сурайт. Мен да жөнөкөй эле жаранмын, мүмкүнчүлүгүм болсо баарына кайдыгер карабай, колумдан келишинче жардам бергенге аракетимди кылмакмын. Мага кол сунуп, жардам көрсөтүп, дем берип турган ыктыярчы ага-эжелерим жок.
Ичим ачышат, качанкыга чейин бул оору менен өз ара алышабыз? Качан жогору жакка үнүбүз жетет? Же чоңдордун жакындары оорубайбы? Алардын такыр оорубай жүрүшүнө эч ким кепилдик бере албайт. Гепатит оорусу эч билгизбей жыгат экен. Жок дегенде алдын алуу иштери жүргүзүлсө жакшы болмок. Эки жылдан бери тиш доктурлардын, чачтарач, сулуулук салондоруна чейин колдонуучу жеке гигиеналык каражаттар саламаттык сактоо министрлиги тарабынан текшерилбей, тийешелүү иш-чаралар өткөрүлбөй келүүдө. 2019-жылы мораторий кирген, “текшерүү иштери эки жылга токтотулсун” деп. А биз саясат менен алекпиз" деп билдирди Батырбеков.