Мээрим Момунова: “Берген жардамымды элге жар салбадым”
Белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш күрөшү боюнча Азиянын бир нече жолку, Кыргызстандын алыш, белбоо, дзюдо боюнча күрөштөрүнүн бир нече жолку чемпиону Мээрим Момунова карындашым милициянын кызматкери болгондуктан, пандемия учурунда патрулдук иш менен алек болуп атканынан кабарыбыз бар эле. Кесиптештери менен биргеликте четте карап турбастан колунан келген жардамды аябай, акчалай болсо акчалай, дары-дармек керек болгон бейтаптарга болушунча колкабыш кылып, жан үрөп, анысын элге жар салбай, ат көтөргүс ишти кылып атканын билебиз. Ошол эле учурда спортту, анын ичинде балбанчылыкты таштап койгон жок. Бошой калган учурда тоо этектеп кросс чуркап, үйдөн машыгып, фитнес клубдан дене жибитүү жана булчуңдарга атайын көнүгүүлөрдү жасап жатыптыр. “Кыргыз элим байыртадан келаткан баатыр мүнөз эл. Мындан кыйын учурда майтарылып сынган эмес. Бул апаатты да жеңебиз. Башыбызга мүшкүл иш түшүп турат. Ынтымак, биримдик, сабырдуулук тилейм элиме. Жаман күндөр артта калат, ушу бойдон тура бермек беле, кетет. Жаркын күндөрдө жолугалы!” деди балбан кызыбыз.
"Азия Ньюс" гезити