Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаршен Касенов: "Каныбек агабыз Айсулуу менен Атабекке батасын берди"

Шаршен Касенов: "Каныбек агабыз Айсулуу менен Атабекке батасын берди"

06-август, 19:58
2 135 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Дордой” спорт клубунун жетекчиси менен маек.

-- Шаршен мырза, пандемия “Дордой” спорттук клубунун иш жүгүртмөсүн үзгүлтүккө учураттыбы, абал кандай?

-- Пандемия кимдин гана алдына койгон пландарын өзгөрткөн жок? Алгач карантин, азыр болсо өзгөрүлгөн, күчөтүлгөн режимде иш алып барууга мажбурбуз. Анткени алдыда олимпиада оюндары. Аны баарыбыз билебиз.

-- Олимпиада демекчи, жакында эле Москва олимпиадасына 40 жыл болду...

-- Мындан 40 жыл мурун борбордук комсомол комитети атайын Минск шаарына чакырып, Москва олимпиадасына мага өзүнчө жолдомо берип, спорттун күрөш жана башка түрлөрүн көрүп келгем. Ошого байланыштуу “Дордой” спорт клубуна биздин легендабыз Каныбек Осмоналиевди жана Япония олимпиадасына жолдомо алышкан Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбековду чакырып, клубдун белек-бечкегин тапшырып жатып, Каныбек агабыз батасын берди. “Медаль алып келип, кыргыздарды дүйнө жүзүнө тааныткыла!” деди. 

-- “Дордой” спорт клубунда машыккан спортчулардан аты жаман илдетке кабылыштыбы?

-- Кабылышты. Күн сайын спорт менен машыккан, жүрөктөрү таза, биздин клубда машыгып, ийгилик жараткан шакирттерим ооруну капыстан жугузуп  алганын угуп, аябай жаман болдум. Аларга баардык жардамымды аяган жокмун. Алды сакайып баштады, азыр да жок эмес. Бул пандемия бүткүл адамзатты терең ойлондурду. Бир сыйра жашоого болгон көз карашты жакшы жагына өзгөрттү. Элибиз бири-бирине карап, ынтымакка кадам таштап, сабырдуу, боорукер болуп аткандары байкалат. Бул жакшы жышаан. Күчөтүш керек. Ушундай учурда кыргыз эли өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, жаман жорук-жосундан арылып, атасы баласын карап, энеси кызына көз салып, ага-туугандар болбоду дегенде күн сайын телефон чалып, акыбалды сурап туруусу кажет.

-- Шаршен Рахимович, “Дордой” десе эле эл Аскар Салымбековду элестетет...

-- Аскар Мааткабылович “Дордой” спорт клубуна күн сайын келип турат. Каржы маселесине көңүл бөлүп, клубда иштеп аткан баардык кызматкерлер бул жагынан толук камсыздалып атат. Спортчуларды колдоп, көтөрүүдө. Жаңы баскычка чыгуудабыз. Албетте, пандемия башталган алгачкы күндөн клубга эле эмес бүткүл кыргыз элине кайрымдуулук иштерди баштап, ИВЛ, концентрат, беткап, СИЗ ж.б. медициналык дары-дармектеринен өйдө, тамак-аш продукцияларын берип, азыркыга чейин улантып атат. Кай жерге эмне жетишпей жаткан кем-карчтарды таратып, жеткизип атты. Биздин клубдун атынан да алыскы региондорго – тиги жагы Алай, бул жагы Ысык-Көлгө берип атабыз, мындай иштерди пандемия жок болгончо токтотпойбуз.

-- Клубдун спортчуларынын машыгуусу кандай абалда?

-- Биз саламаттык сактоо министрлиги тарабынан киргизген пандемия учурундагы эрежелерди толугу менен сактап, Кыргызстандын курамына кирген баардык спортсмендерди, алардын машыгуусун үзгүлтүккө учуратпоонун үстүндө кынтыгы жок ишти улантуудабыз. Бул жагы катуу көзөмөлгө алынган. Машыктыруучуларыбыз да учурдагы жоопкерчиликти так, даана билип, ар бир спортчу менен бирдиктүү иштөөнүн жолунда десем жаңылбайм. Даярдыктары жакшы. Өздөрүн бошоңдотуп коюшкан жок. Болгону өспүрүм балдарды обочолонтуп, алар азырынча каникулда. Ал эми жаштар, чоңдор машыгууларын калтырбай машыгууда.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер