Садыр Мамытов, УОК президенти: “Олимпиадага даярдык көрүп, 15 спортчуга 195 миң доллар бөлдүрүп бердик”
-- Садыр мырза, улуттук олимпиада комитетине президент болууңузга эмне түрткү берди жана алдыга кайсы максаттарды койдуңуз?
-- Биринчиден, өз күчүмдү жаңы жагдайда сынап көрүүнү, алдыга умтулууну көздөдүм. Экинчиден, УОКтун ишинде ачык-айкындуулук – бүгүнкү күндүн талабы. Буга чейин баардыгы жабык эшик артында болуп келген. Анан эң негизгиси – мен президент болуп турганда кыргыз спортчуларынан олимпиада чемпиону чыкса деген максатты алдыга койдум.
-- Улуттук олимпиада комитетинде баардык штаттар жаңыланганын байкап атабыз. Мурункуларды кетирдиңизби?
-- Шайланып келгенимде мурунку иштеп аткандардан эч кимди таппадым. Олимпиада комитетине кызматкерлерди кайрадан курап атам. Тажрыйбасы бар, бери дегенде он жылдан ашык спорт чөйрөсүндө жигердүү эмгектенип келген адистерди чакыруудамын.
-- Олимпиада комитети коомдук башталыштагы уюм эмеспи, демөөрчүлөр менен иш алып баруу жагына токтолсоңуз?..
-- Мен эң ириде олимпиада комитети тарабынан спортчуларга ай сайын бериле турган стипендия тууралуу кыскача айта кетейин. Көп жолку сүйлөшүүлөрдүн аркасы менен 15 спортчуга Францияда өтө турган жайкы олимпиадага чейин ар бирине 500 доллардан болуп, 195 миң доллар же 15 миллион сомдун тегерегинде каражатты бөлдүрүп берүүгө жетиштик. Ал эми өзүбүздүн демөөрчүлөр менен да кызматташуу жагы өз жемишин бере баштады. Өнөктөш компаниялар артыкчылык шарттагы федерацияларга каражат жагынан жардам берүү, мыкты сунуштары менен келип атышат. Бүгүнкү күндө уучубуз куру эмес. Азырынча 12 миллион сомду олимпиада комитетине эмес түздөн-түз федерацияларга даректүү түрдө бөлүштү. Бул да чек эмес.
-- Улуттук олимпиада комитети эл аралык уюмдар менен биргелешкен долбоорлорду түзүп атабы? Жыйынтыгы кандай болууда?
-- Жыйынтыгы жаман эмес. Учурда эл аралык уюмдар менен тилектештик иретте 12 долбоорду иш жүзүнө ашырдык. Демек, 33 миллион сом каражат жумшала турган жакшы долбоор десем жаңылбайм.
-- Биз билгенден, өзүңүз спорттон четте калбаган адамсыз. Кезинде ат спортунда жараткан ийгиликтериңиз коомчулукка маалым. Ушу боюнча кандай иштерди алдыга жылдырып атасыз?
-- Өзүңүздөр билгендей, Ысык-Көл районунда №54 жылкы заводу бар. Андан тарбияланып чыккан асыл тукум аттардан биздин жердешибиз 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадада командалыкта алтын, жеке түрүнөн күмүш медалдын ээси болгон. Ушу заводго Европадан жылкыларды алып келип, ат спортун жандантуу ойлорум бар. Албетте, ат спорту өтө татаал спорттун түрүнө кирет. Бу жерде ат менен спортчунун айкалышы, эриш-аркак иш алып баруусу кажет. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, уучубуз куру эмес. Кулундар тарбияланып атат. Алды Азиянын оюндарында жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду. Бизде ат спорту боюнча Бишкекте атайын мектеп бар. Аны өзүм жетектеп келем.