Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хабиб Нурмагомедов: “Тони экөөбүздүн жолубуз катуу окшойт”

Хабиб Нурмагомедов: “Тони экөөбүздүн жолубуз катуу окшойт”

02-апрель, 20:05
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын сүймөнчүгүнө ээ болгон Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун ортосундагы эрежесиз эр уруш (UFC) үстүбүздөгү жылдын 18-апрель күнү Американын Бруклин шаарында өтмөк. Бул беттеш да бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу башка убакка жылдырылды. “Мушташтын жылдырылганына маанайым чөгүп турат. Баардык эле спортчулардай алдыда чоң-чоң пландарым бар болчу. Бул жолку аргасыздык үчүн күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Мени да туура түшүнгүлө” деди Хабиб Нурмагомедов Инстаграм (2-апрель) баракчасында. “Негизи эле Тони менен боло турган мелдеш ар качандан бир качан, кайсы бир себептерден улам болбой келет. Экөөбүздүн жолубуз катуу экен” деп кошумчалады. 

Эске сала кетсек, жогорудагы эки мушкер алгач 2015-жылы декабрь айында мушташмак. Хабибдин жаракатына байланыштуу 2016-жылы апрель айына жылдырылган. Бирок, бул мелдеш да болбой калган. Тони өпкөсүнө суук тийгизип алганы айтылып кийинки жылга белгиленген. Ал эми 2017-жылы Хабиб ооруканага жатып калат. 2018-жылы Тони Фергюсон тизесинен жаракат алган...

Учурда 31 жаштагы Хабиб 28 жолу октагонго чыгып, баардык мезгилде жеңишке жетишкен. Ал эми Фергюсон 25 жолу ийгилик жаратып, үчөөндө атаандашына тизе бүккөн.  


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер