Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асанбек МАМЫРБАЕВ: “Багыбызга Элмурза Сатыбалдиев бар экен, волейбол оюнун жандантып салды...”

Асанбек МАМЫРБАЕВ: “Багыбызга Элмурза Сатыбалдиев бар экен, волейбол оюнун жандантып салды...”

14-октябрь, 13:01
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Асанбек ага, жакында кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. СССРдин тушунда бул оюнду ойноп жүргөн адам катары артка бир кылчайганда, биринчи кезекте эмне көз алдыңызга келет?

-- Волейбол оюнун мектепте окуп жүргөн кезде баштадым. Ал кезде мындан башка спорттун түрлөрүнө кызыкканга шарт болгон эмес. Эки жакка мамы орното коюп, торун тарта салып, айыл балдары топ чаап калат элек. Кара-Балта шаарындагы “Почтовое” деп аталып, азыркы Кош-Тегирмен айылында союздук камсыздоого алынган чакан шаарчасы бар болчу. Ошол жерде ПТУда (кесиптик техникалык окуу жайы) окуп калдым. Спорт залы укмуш эле. Жадагалса ошол кезде борборубуз Фрунзе шаарында да андайды көргөн эмеспиз. Волейболду уланттым. Рига шаарынан келген легендарлуу машыктыруучу Вальдемар Дитрихс деген неме бизди машыктыра баштады. Кыргыз балдар арасында боюм 185 сантиметр болчу. Оюндун ыкмаларын, ойноо сырларын эки жыл ичинде жакшы эле үйрөндүм. 

-- Кайсы кесип жагын окугансыз?

-- ПТУда жер алдынан өтүүчү шахтер кесибин бүткөндөн кийин Миң-Куш айылына жиберишти. Иштен сырткары волейболго барып аттым. Сапар Алиев деген машыктыруучунун кол алдында ойноп калдым. Ал жазуучу Мар Алиевдин инилери эле, бою меникиндей 185 сантиметр, чымыр денелүү, сулуу жигит. Аскерге чейин ошол жерде болдум. Бир мастер “Асанбек, окуп билимиңди улант. Сендей жигиттер алдыга карай өсүш керек. Шахтер бойдон жүрө бермек белең? Армияга барып, андан кийин жогорку окуу жайда билим алууң абзел” деп калды. 

-- Армияда кайсы жерде болдуңуз?

-- Өз ыкласымда аскер комиссариатына арыз жазып, армияга чакырылдым. Фрунзеде эле “Россия” кинотеатрынын жанында №7412 аскер бөлүгүндө спорт ротада кызмат өтөп калдым. Ал жерде да волейбол оюнуна ыктадым. Евгений Яроменко деген машыктыруучунун кол алдында машыгууну уланттык. “Динамо” спорттук командасына киргизип коюшту. Баш-аягы 20 жылдан ашык ойнодум. Орто Азия мамдекеттерин кыдырып, андагы союздук республикадан куралган командалар менен байма-бай беттешип турдук. Биздин командада Асанаалы Курманбеков деген оюнчу бар эле, аябай мыкты ойночу. Кыргыз волейболунда көрүнүктүү оюнчу деп айта алам. 

-- Сиздин учурларда кимдер менен ойноп калдыңыз, азыркыга чейин аты белгилүүлөрдөн дегеним?

-- Биринчи кезекте Сүймөнкул, анын агасы Сүйөркул Чокморовдорду айтам. Миша Осмонов, Аскар Жумагулов, Тобокел Мамыровдун салымы ат көтөргүс. Булар ойноп атканын сырттан караган топ күйөрмандары үчүн чоң майрам эле.

-- Тобокел агабыздын алгачкы командасы тууралуу сиз жакшы билсеңиз керек?

-- Ал мындай болгон: Тобокел Мамыров өзү жеңил атлетика спортчусу эле. Волейболдо кыргыз балдары аз болчу. Кыргызстандын курама командасында басымдуу бөлүгү орустар болгондуктан, Тобокел агабыз атайын оюнга шыктуу, жөндөмдүү, топту кыйын чапкан кыргыз балдарын чогултуп, өз алдынча  машыктырат. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы менен ойноп, ири эсеп менен утуп алганына өзүм күбөмүн. Ал кезде орустар бизди бийлеп турган заман эле да. Тобокел Мамыровичти ошондон кийин улуттук мааниде бир топко чейин “сен эмне курама команданы утуп аласың?” деп куугунтук кылып жүрүштү. 

-- Эркин Акунов агайдын ойногонун көргөнсүзбү?

-- Мен ал кишини өткөн кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде көрүп калдым. Топту күчтүү ойногондуктан союздун көрсөтмөсү менен Казакстанга алып кетишти. “Буревестник” командасында ойноп, СССРдин чемпиону наамына жеткен кыргыздын жалгыз жигити десем болот. Анын оюнуна тең келе алчу эмеспиз. Биздин оюнчуларга караганда бийик тура турган оюнчу эле. Спортто жараткан ийгиликтери Казакстанда калды көрүнөт. Кыргызстанга келгенде биздин балдарга насаатын айтып, кийин өз мекенине кайтып келгенде ардагерлер арасында өмүрү өткөнчө ойноп жүрдү. Кыргыз волейболунда Сүймөнкул Чокморовдун жана Эркин Акуновдун жаркын элесине арналган мелдештер болуп турат. Бул да бекеринен эмес деп айтсак болот. 

-- Сизден Аскар Жумагулов агабыз улуубу?

-- Ал киши “мен төрөлүп көз жарганда сен түптөлүпсүң” деп тамашалап айтып калат. Менден тогуз ай улуу. 

-- 90 жылдык алдында маанайыңыз кандай?

-- Маанай сонун. Багыбыз тоодой экен. Элмурза Сатыбалдиев волейбол федерациясына президент болуп келгени укмуштай өстү. Ал жигит менен алыш-беришим жок, кошоматчылык эмес. Жандили менен киришип, ойнотуп атат. Жыйынтыгын кыргыз эли, анын ичинде топ күйөрмандары билип атышат. Азиянын аймактык чемпиону болду. Болуп көрбөгөндөй кулачын жайып, алгач райондук, андан кийин облустук, республикалык жогорку жана улуттук лигалар, кыз-келиндер, энелер лигасы, өспүрүмдөр деп ар жума сайын топ чапмай оюну болуп атат. 

-- Топ чапмайда көйгөй жок дегени турасызбы?

-- Кантип көйгөй жок? Бар да. Волейбол оюну акырындап отуруп Орто Азияга чыкты. Чыкканда да чемпиону болушту. Эми акырындап дүйнөгө чыгуусу керек. Анүчүн биздин борбор калаабызда волейбол оюнун өткөрө турган эл аралык стандартка жооп берген спорттук имарат керек. Уятыбыздан “Газпром” куруп берген спорт комплексте өткөрүмүш этип атабыз. Бул деле азыркы талапка жооп бербейт. Ашып кетсе көрүүчүлөрдүн саны 500-600. А Кыргызстандын чемпионаты Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайдын кичи залында өтөт. Эл быкпырдай кайнап, батпай кетет. Мына ушул жагын эске алып, мамлекет эртелеп чоң спорттук жай куруп берүүсү абзел. Бул абал, бул көйгөй биздин республиканын баардык жеринде бар. Ушул маселе оң тарапка чечилсе экен деп үмүт артып атабыз...


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер