Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Биздин өкмөт уктап калган...”

Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Биздин өкмөт уктап калган...”

22-ноябрь, 10:40
477 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таабалды мырза, “УКМКда жоголду” деп чуу болуп аткан 200 миң доллардын жоголбогону, ал мамлекетке өткөрүлүп берилгени расмий айтылды. Анда эмнеге ушул маалымат 3-4 күндөн бери эми айтылып жатат деп ойлойсуз?  

-- Мекеме 20-ноябрда расмий маалымат таратты: “Эч кандай 200 миң доллар тергөө маалында жоголгон жок” дешти. Бирок, туура, 2-3 күндөн бери бул маселе укмуш чуу салып, элдин баары оозу ачылып, талкуулап жатса, унчукпай отурушту да. Бир нече күн өтүп, эми гана “адай эмес, мындай” деп үн катып атышат. Депутат катары биз мунун чын-бышыгына жетебиз. Жөндөн-жөн чуу чыкпайт. Парламентке жеткиликтүү, так маалымат берилишин талап кылабыз биз. Жоголбогону чын болсо, убагында жашырбай, фактыны ачык айтыш керек болчу. 

-- Ал арада коомчулук тараптан башкы прокурор менен УКМК башчыларынын отставкасы талап кылына баштады...

-- Жанагы факты аныкталса, коомчулукту күтпөй эле өз абийирлери менен арыз жазып, кызматтарынан кетиши керек. Анткени, бул өтө чоң ЧП. Каржы полициясында деле ушундай эле чыр чыккан. Конфискация болгон өрдөк эттерин эмне кылышканын сурасак, “80 тонна өрдөк этин өрттөдүк” деп жооп беришти. Каякта өтртөштү, канчасын өрттөштү, же түрмөлөргө алып барып арзан сатып ийиштиби, ким билет? Айтор, мындай түкшүмөл убагында такталбай, маани берилбей, жым-жым болуп кеткен иштер көбөйдү. Жакынкы арада өкмөттүк күн же, өкмөттүк саат өткөрбөсөк болбойт.  

-- Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчү Бажы биримдиги уюмунан коолдоо тапкан жок. Эми эмне болот? 

-- Эмне болмок эле, ал өзүбүздүн кемчилигибиз, эми кесепетин тартабыз. Армения сыяктуу өлкөлөр талаптарын коюшкан, бир топ жеңилдиктерди алышкан. Биздин өкмөт ошондой жолго бара алган эмес, күрөшкөн эмес. Азыркы отурган министрлерибиздин бири үн каткан жок. Аларды министр кылып сунуштап атканда ар бирин кыргыз элинин таламын талашат, кызыкчылыгын коргойт (!) деп ойлогонбуз, ишенгенбиз. Тилекке каршы, бири да ишеничке арзыган жок. Бажы биримдиги – ири уюм, ал жер чоң рынок, демек, күрөш. Курамдагы ар бир мамлекет өз талаптарын ортого коёт. Бир жыл мурун биздикилер “автопаркыбыз эски, элибизде мүмкүнчүлүк жок, дагы бир жыл мөөнөт бергиле” деген маселени коюш керек эле. Анткен жок, биздин өкмөт уктап калган...


Динар ТУРДУГУЛОВА  

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер