Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жайна Нурмамбетова: “Эркектер менен көкбөрү тартып, тайказанга улак таштагам”

Жайна Нурмамбетова: “Эркектер менен көкбөрү тартып, тайказанга улак таштагам”

25-февраль, 19:15
1 904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Нарындын кыздары тың болот” деп эл ичинде айтылган сөз бекер эмес окшойт. Жайна Нурмамбетова карындашым ырдайт, бийлейт, улак тартат, оймо оюп, шырдак шырат, машинанын моторунун ичеги-кардын чачып оңдойт, деги койчу, бу жагынан ашыкча үлгү экен. Сырттын жумушубу, ичтин жумушубу, ылгабаганын өзү айта отурду. 

-- Жайна, техникага болгон кызыгууң качан башталган?

-- Нарындын кызымын. Айылдын турмушу оор. Чөп жыйнап, мал багып, жайлоого чыгып, азоо тайларды үйрөтүп, уй, бээ саап, жаның тынбайт эмеспи. Эркектикин эркектей, аялдыкын аялдай жасап дегендей. Ушунун баары ата-энемдин берген тарбиясы деп ойлойм. Техникага кызыгып калган себебим, өзүмдүн байкемдин машинеси бар болчу. Бузулуп калса оңдоп алчу. А мен жанынан чыкпай, тиги жагын, бу жагын карап, кызыга берем. Байкем “эмне, темир жейсиңби?” деп үйгө кубаласа да болбой, кайра жанына барып ар бир тетиктин аттарын жаттап, кайсынысы каерде жайгашканын билип калганмын. Бир кезде автомектепти окуп бүтүп атканда мугалимдер менин жөндөмүмө карата “С” баскычын күбөлүгүңө бастырып ал” дешкенде, “эмне мен жүк ташуучу чоң машине айдамак белем, кереги жок” деп койгом. 

-- Биз билгенден бир эмес, эки жогорку билимиң бар экен. Дипломуң менен иштедиңби?

-- Юрист жана экономист деген эки жогорку билимим бар экени чын. КамАЗ айдап, жеке ишкерликте шугулдангыча банкта иштегем. АКБ “Кыргызстанда” алгач валюта бөлүмүндө, андан кийин башкы эсепчи болдум. Бир учурда Бабанов банкты алып, жадагалса пол жууган техничкаларга чейин алмаштырды. Ошонун шарданы менен “тойдум байдын кызына” деп жумуштан кеттим. Анткен менен Бабановдун банк кызматкерлери мага кыйылып, “кетпей эле койчу. Эми сендей мыкты кызматкерди кайдан табабыз?” дешти. 

-- Сенде эркек мүнөз бар экен. Көкбөрүгө катышып көргөнсүңбү?

-- Анда жаңыдан иним үйлөнүп, жайлоодон той кылып, ат чабыш, улак тартыш болду. Өзүбүздүн айгыр бар болчу. Ошону минип алып эркектер менен теңата көкбөрүгө чыктым. Улакты жерден алып, ээрдин кашына толорсугун бир бурап, үзөңгү болушка баскан бойдон тайказанга бир улак таштагам. Ошо кезди ойлоп, кээде улакка катышып көргүм келет.

-- Ошол эле учурда сулуулар сынагына да катышсаң керек?

-- Университетте окуп жүргөн кезде бир далай жолу катыштым. Байгелүү орундарды багынткам. Дагы  бир жолкусунда Орто Азия сулуулар сынагы болуп, Европа жана улуттук колориттеги номинацияларды жеңип алгам.

-- Ырдайсың, бийлейсиң...

-- Бир кезде Нарындагы М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда иштеп калдым. Ал жакка Адылбек Кыязов жубайы Дамира Баратбаева эжебиз “жакшы бийлейт экенсиң. Бизге жумушка кел” деп чакырган. Улуу адамдардын сөзүн эки кылбай, театрда иштеп калдым. Бий постановкаларын бүт мен кылчумун. 

-- Оор жүк ташыган машиналарды айдап, бузулуп калса өзүң оңдойт экенсиң, ушундайбы?

-- Агезде Казакстандан туз ташып келчүбүз. Мен айдоочунун жардамчысы элем. Бир жолу Кыргызстанга келатканбыз. Айдоочу чарчап, мени суранды. 60-70 чакырымдай акырын кылдыратып өз алдымча айдап көрдүм. Колумдан келип, керекке жарадым өңдөнөт. Кийинки кездерде өзүм айдап, жадагалса Кара-Кечеден көмүр тартып келе баштадым. 

-- Кара-Кечеде мафия бар да, алардан кантип?

-- Туура айтасыз, азыр деле бар. Бирок, алардын деле мендей эже-карындаштары бар. Түшүндүрүп айтсаң эле болду. Эл катары ташып келип, өзүмдүн дүң баада өткөрө турган жериме төгүп берип аттым. 

-- Кечиресиң, сөзүңө аралжы, өзүңдүн оор жүк ташуучу машинең барбы?

-- Ооба, бир эмес экөө. Экөө тең менчик. Ушу тапта экөө тең иштеп, көмүр ташып атышат. Өзүбүздүн бригада бар. Бригадирмин. Кадимкидей соцфондго салык төлөп, мыйзам чегинде иш алпарабыз. 

-- Оңдогон жагын айтпай кеттиң...

-- Жакында эле бир байкенин машинасы жолдо бузулуп калыптыр. “Нарын боюнча бир да моторист таппай койдум, сени угуп, сага келдим” дейт. Машинесинин моторунан үн чыгып атканын айтты. 20 жылдан бери иштеген шопурлардын баарына көрсөтсө, эч кимиси “дартын” билбей коюптур. Айла жок бардым. Клапандарынан кетиптир. Жасап берип койсом, ал байке оозун ачып эле кетти. “Хаджиктерге жасатчу элем, бу жолу бир кыз жасады” десем таңгалышса керек” деген бойдон кыдыңдап, машинесин айдап кетти. 

-- Учурда эмне иш менен алексиң?

-- Нарын чөлкөмү боюнча “Мекен ынтымагы” партиясын жетектейм. Кара жумуштарды жыйыштырып, партиянын иши менен алек болуудамын. Жер-жерлерди кыдырып атабыз. Эл менен байма-бай жолугуп, алардын суроо-талаптары, көйгөйлөрүн угуп, пикир алмашып, жер кыдырып жүрөбүз. Буга чейин Ысык-Көл, Нарын, Таласта болдук. Эми түштүк жакка аттанабыз. 

-- Саясатчы дагы турбайсыңбы?

-- “Саясат менен сен алек болбосоң, саясат сени менен алек болот” экен. “Мамлекетибиз, элибиз оңолсо экен. Шайлоодо эл акчага алданбаса экен, экономикалык абалыбыз жакшы жолго түшсө экен” деп атам да...

-- Жолдошуң барбы?

-- Ооба, менин “ит” кыялдарыма чыдаган жакшынакай күйөө балаңыз бар, сонун адам. 


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер