Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 25 жаштагы жигит бир заматта өмүр менен кош айтышты

25 жаштагы жигит бир заматта өмүр менен кош айтышты

09-август, 16:56
2 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

6-августта Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында (Ош–Исфана унаа жолунун 192-чакырымы) үч унаа кагышып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.М. «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, Өзбекстандын Риштан районунун 1976-жылы туулган тургуну Х.М. айдап келе жаткан «Т-28» үлгүсүндөгү трактордон ашып өтүүгө аракет кылган. Ошол учурда унаасы трактордун дөңгөлөгүнө тийип кетип, сол капталына оодарылып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Андан кийин каршы тилкеде Баткен районунун Төрт-Гүл айылынын 1991-жылы туулган тургуну Н.Б. айдап келе жаткан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Хюндай Портердин» айдоочусу М.М. окуя болгон жерде мерт кеткен.


“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер