Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айсулуу Тыныбекова: “Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим атактуу кыздардан болушсун”

Айсулуу Тыныбекова: “Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим атактуу кыздардан болушсун”

19-октябрь, 17:29
15 446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону  Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-октябрда үч эмди төрөтканадан чыгарууга барды. Ымыркайлардын ата-энеси Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарованын урматына кыздарына ысым ыйгарышкан.   

“Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө мен биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып, өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм. Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун! Наристелерге узун жана маңыздуу жашоо каалайм!” деп жазды өзүнүн баракчасына спортчу.

Тыныбекова үч эмдин апасына белек тапшырды. Кыздардын апасы Бермет Дубашева 5-октябрда – күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат башталган күнү үч эм төрөгөн. Кыздарга Айсулуу, Айпери, Аймээрим деген ысым ыйгарылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер