Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчи Гүлнара-Клара Самат тышкы саясаттын таш-талканын чыгарабы?

Элчи Гүлнара-Клара Самат тышкы саясаттын таш-талканын чыгарабы?

25-февраль, 19:29
1 842 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалды. Башта бул айым Клара Кабилова эле. Артындагы чуулгандардан улам аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыздыгын карабайсыңарбы? Курманбек Бакиевдин режиминде БШКны жетектей калып, ызы-чуу менен кызматтан кеткен. Бир топ “былыктарынын” айынан Кыргызстандан чыгып качканы эсиңердеби? Жөн жүргөн адам безмек беле? Бир топ жыл сыртта жүрүп, кийинки кездери “Ата Мекен” партиясы аркылуу депутат болуп, көп өтпөй “Мекенчилге” өтүп, саясатта туруксуздугун көрсөткөн. Айрым кептерге караганда, Гүлнара-Клара Самат сырткы күчтөргө кызмат кылары, алардын атайын кызматтары менен иштешип келгени чынбы? Ошондой “байланыштарынын” артынан элчиликке секирдиби? Ансыз да тышкы саясатыбыздын телчиге албай жатканын эске алсак, эми Гүлнара-Клара Саматтын маанилүү кызматка барышы менен таш-талканы чыгабы? Мындай жүрүш көпкө узатпайт го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер