Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Изабеков: “Балбан кыздарыбыз сандарын көргөзүү үчүн эмес, элибиздин намысын коргоп чыгууда”

Нурбек Изабеков: “Балбан кыздарыбыз сандарын көргөзүү үчүн эмес, элибиздин намысын коргоп чыгууда”

18-октябрь, 21:02
15 358 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурбек Изабеков мырзаны ким билбейт? Окурмандарга тааныштыруунун кажети деле жок. Быйылкы жылы Нурбек мырза машыктырган биздин балбан кыздарыбыз кыргыз спортунун тарыхында болуп көрбөгөндөй албан ийгиликтерди жаратышты. Япониянын Токио шаарында өткөн жайкы олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалды багынтса, Мээрим Жуманазарова коло медалды жеңди. Ал эми жакында эле Норвегиянын Осло шаарындагы мелдеште Айсулуу менен Мээрим дүйнө чемпиондугун багынтышса, Айпери Медет кызы коло медалды алууга үлгүрдү. Жалпы кыргыз эли кыздарыбыздын ушундай ийгиликтерге жетишип атканына кубанышса, “атың чыкпаса жер өрттө” деген макалдай, Өзбек деген молдоке сөрөйүбүз осол билдирүү кылып, пас деңгээлин көрсөттү. Буга Нурбек мырза да өзүнүн жообун берди.


-- Нурбек мырза, бизде “оору” пайда болду. Сизди билбейм, көчөдө басуу мен үчүн да кыйын болуп турат. Спорт журналист экенимди тааныгандар токтотуп алып, “кызыбызды күрөшкө берели” дешип... 

-- Бул жакшы көрүнүш. Жаштардын жаркын келечекке умтулуп атканы. Болбосо бирөөлөр керээли-кечке сотка тиктешет, айрымдары кыларга иши жок убактысын түнкү клубга, же пайдасыз жактарга жумшашат. Мени да Токио олимпиадасынан кийин жаштарыбыздын күрөшкө, спорттун башка түрлөрүнө кызыгуулары пайда болгону кубандырбай койгон жок. Мындан сырткары, мамлекетибизде спорт жайларды, машыктыруу залдарды курууга жакшы демилге көтөрүлүп, жаштар үчүн тийешелүү шарттарды караштырып, жадагалса дене тарбия жана спорт академиясында машыктыруучуларды даярдоо жагына адистерди тартып  аткандарына сүйүнөт экенсиң. Ушул ыргак менен жүрүп отурсак, келечекте жеке эле кыздар арасындагы күрөш эмес, спорттун башка түрлөрү да туура жолго коюлуп, көрсөткүчтөр да бийик болуп, өнүгүү жолуна түшөбүз. 

-- Бизде экинчи “оору” пайда болду. Өзбек Чотонов “кыздарыбыз жарым-жылаңач чыгып жатышат. Алардын окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат” деп сынга алды. Сиз балбан кыздарыбыздын машыктыруучусу катары буга эмне дейт элеңиз?

-- Эми ал киши религия жактан, өзүнүн багытында туура эмес жактарын көрүп,  айтып атса керек. Деген менен олимпиадалык спорттун түрлөрү дүйнөлүк, эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чара. Өзүнүн шарттары, эрежелери бар. Кийинип чыгуу тартиби болуусу керек. Буга баардык спортчулар милдеттүү баш ийишибиз абзел. Муну биздин баардык адамдарыбыз туура түшүнүү менен кабыл алып аткандыр. Мындайды тар чөйрөдө эмес, эл аралык деңгээлде акыл-эсин камчылап, бүткүл дүйнөлүк алкакта караса. Молдокем айтып жаткандай, биздин балбан кыздарыбыз өздөрүнүн сандарын көргөзүш үчүн эмес, кыргыз мамлекетинин, элинин намысын коргоп, желегин желбиретип, гимнин ойнотуш үчүн ийгилик жаратып атканы биз үчүн өтө кубанычтуу. Ал жерде биз эле эмес, ислам динин туу туткан Иран, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттери бар, алар динди бизден кем эмес сакташат. Бирок, анчалык көрсөткүч жарата албай жатышат. Муну да эске алып коюу керек.      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер