Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балыкчыдан Караколго чейинки аралыкты ким сүзүп өтөт?

Балыкчыдан Караколго чейинки аралыкты ким сүзүп өтөт?

10-август, 14:39
2 219 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки жылдан бери бүткүл дүйнө жүзүн каптаган Covid-19 илдети нечендеген адамдардын өмүрүн алып кетти. Бир гана спорт жана спорт менен алектенген адамга аты жаман оору анча жолобой турганын, жолосо да жеңил өтүп атканын илимпоздор тастыктады. 24-августтан 29-августка чейин Көл кылаасында “Спорт – вирустан мыкты коргонуу!” чакырык алдында ири жетидей долбоор бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, иш баштоо алдында турат. Анын ичинен “Issyk-Kul Swim 181” долбору, тактап айтканда, Балыкчы шаарынан Каракол шаарына чейин созулган 181 чакырымды көл үстү менен сүзүп өтүү, дүйнөлүк рекордду коюу максатта суучулубуз Владислав Шулико “Дасмия” компаниясынын колдоосунда иш жүзүнө ашырганы турат.

Турусбек Мамашов, “Дасмия” компаниясынын президенти:

-- Кыргыз элинин башын бириктирүү, дүйнөгө даңазалоо, жар салуу, биздин маданиятты, тарыхты, меймандосчулугубузду, кооз жаратылышыбызды, өзгөчө Ысык-Көлүбүздү аалам алкагына таанытуу – бул бир, экинчиден, дүйнөдө тополоң болуп атат. Кичинекей көзгө көрүнбөгөн вирус баарыбызды коркутуп-үркүтүп, эмне кыларыбызды билбей жүрөбүз. А биз “Спорт – вирустун коргоочусу” деп айтып атабыз. Ошон үчүн “спорт менен машыгып, вирусту чогуу жеңели” деген ураан көтөрүүдөбүз. Жанагы арыкчырай келген Владислав Шулико деген балабыз биздин “Дасмия” компаниясында сууда сүзүү боюнча машыктыруучу болуп иштейт. Өзү эл аралык спорттун чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Мына ушу дүйнөгө таанымал жигит 181 чакырым аралыкты эч бир кошумча жардамы жок көлдүн бу башынан тиги башына чейин сүзүп өткөнү турат. “Уят кылбайсыңбы?” десем, “жок” деди. Суучул балабыздын идеясын колдоп, демөөрчүлүк милдетимди, жоопкерчиликти алдым.

Владислав Шулико, суучул:

-- Көлдүн так ортосу менен толкундун, бороон-чапкындын, аба ырайынын баардык катаал шарттарына карабай, бул башынан тиги башына чейин сүзүп өтөм. Болгондо да эч бир кошумча калак, бутка кийген ласт ж.б. колдонбойм. Болгону денеме гидрокостюм кийем. Андан сырткары, атайын жипке байланган чакан жел толтурулган баллон болот. Биринчи күнү таңкы саат 03:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин деп атам. Калган күндөрү шартка жараша. 5-10 мүнөт токтоп, бир аз шамшум этип сүзүп кете бермей дегеним. 181 чакырымды төрт күн аралыгында басып өткөнгө аракет кылам. Буга чейин бассейнде 50 чакырымды эч бир токтобой сүзгөм. Ал эми ачык жерде биринчи жолу белсенип атам. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер